www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бийликти басып алууга аракет кылган» деп соттолгон Тилекмат Кудайберген уулунун апасы жүрөгү ооруп кардиалогия бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Эске салсак, Тилекмат Кудайберген уулуна Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренесине («Массалык баш аламандыктар») ылайык айып коюлган. Укук коргоо органдары анын Facebook баракчасындагы билдирүүсүндө «бийликти кулатууга чакырыктар бар» деп тапкан жана активист 15-мартта камакка алынган.
Бишкектин Свердлов райондук соту 16-мартта Тилекмат Кудайберген уулунун бөгөт чарасын жабык карап, бир айга тергөө абагына камакка алган. Ал сот залынан милиция кызматкерлеринин коштоосунда чыгып баратып ошол күнү ачкачылык баштай турганын айткан. Кийин ал ачкачылык акциясын токтоткону белгилүү болгон.
9-мартта башкалаада Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин Кудайберген уулу алып барган. Мындан көп өтпөй анын үйү жана ал мүчө болгон «Ханституцияга каршы» борборунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн.
Ошондой эле, Кудайберген уулу мыйзам боюнча ушул жылдын март айында «шарттуу түрдө жазасын өтөө» үчүн (УДО) абактан чыгыш керектигин, бирок белгисиз себептерден улам ал мыйзам Кудайберген уулуна карата колдонулбай келгенин Адвокаты айтып келет
Булак: NazarNews.kg