www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бейшеналиев министрлик милдетин кайрадан аткарабы?

Тергөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген бойдон калууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокуратура ага каршы 7 кылмыш ишин козгогон: вакцина сатып алуудагы коррупция, опузалоо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу.

Президент министр Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушевди “адамдар аралык мамилесине” байланыштуу убактылуу кызматтан алган.

Ага жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин үч кызматкерине вакцина сатып алуудагы коррупция фактысы боюнча айып тагылган. Октябрь райондук соту бир аткаминерди бошотуп, министрди, министрдин орун басарын жана Иммунопрофилактикалык борбордун жетекчисин камакка алган.

Бүгүн, 16-июнда Бишкек шаардык соту Бейшеналиевди үй камагына чыгарды.

Президент Садыр Жапаров бүгүн кол койгон буйрукка ылайык, башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматына кайтып келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости