www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдөгү мектептерге диндердин өнүгүү тарыхы сабагын берүүгө мугалимдерди тандап алуу иштери жүрөт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Министрликтен райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, жалпы билим берүү уюмдары 2022-2023-окуу жылында 9-класстын окуучулары үчүн диндердин өнүгүү тарыхы сабагын берүүгө мугалимдерди тандап алуу иштерин жүргүзөрүн кабарлады. Бирок сынактын качан башталары так айтылган эмес.

Арыз берген талапкерлерден төмөнкүлөр талап кылынат:

квалификациялык талаптарга жооп берген "теология" багыты боюнча жогорку кесиптик билим деңгээлинин же "тарых мугалими" квалификациясы бар жогорку педагогикалык билиминин болушу. Бул учурда дипломдун оригиналын берүү менен бакалавр, адис, магистр даражаларынан төмөн эмес деңгээлдер караларын эске алуу керек;

эмгек китепчеси;

мектептин директорунун атына мугалимдин арызы;

иштеген жеринен сунуштама кат;

3x4 өлчөмүндөгү эки даана сүрөт.

Жарлыкта диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими, педагогика, психология жана окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөндүгү жөнүндө сертификаты бар адамдарга окутуу укугу берилери айтылган.

Диндердин өнүгүү тарыхы предметин окутуу үчүн адамдарга уруксат берүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү текшерүү иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлмөкчү.

Эске салсак, 8-июнда Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мектептеринде 2022-2023-окуу жылынан тартып диндердин өнүгүү тарыхы предметин киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости