www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОнун Европадагы мурдагы командачысы Уэсли Кларк альянсты Украинадагы жаңжалга кийлигишүүгө чакырды. Бул тууралуу err.ee жазат.

Анын айтымында, НАТОго түздөн-түз чабуул коюлбаса, жаңжалдарга кийлигишпейт деген идея азыртадан эле эскирип калган.

"Бул идея 90-жылдары сакталып калган. Өткөндөн сабак алчу мезгил келди. НАТО кийлигишүүсү керек. Келгиле, муну расмий түрдө таанып, орустарга ок атышууну токтотууга буйрук берели", - деди Кларк.

Ал кошумчалагандай, азыркы кырдаалда НАТО тандоо алдында турат: же кийлигишпөө принцибинин чегинен чыгуу, же жашоосун токтотуу.

Буга чейин Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Коргоо министринин улук орун басары Колин Коулдун Киевге HIMARS MLRS жеткирилиши тууралуу сөздөрүнө комментарий берген.

Эске салсак, буга чейин Түндүк Атлантикалык альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг НАТО Украинадагы кырдаалга кийлигишпей турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости