www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик, архитектура жана коммуналдык чарба агенттигинин ана башчысы Бакыт Абдиев тууралуу кеп кетти. Бакыт мырза, бир ай мурун чет өлкөгө иш сапарга барган экен. Ал жакта канча күн жүргөнүн ким билсин, айтор кайра Кыргызстанга келери менен "Манас" аэропортунан укук коргоочулар кармап кетишкен дейт, бул окуянын чоо-жайын билгендер.
Бирок ортого саясаттагы оор "салмактуу" адамдар түшүп, ошол эпе түнү кайра чыгарып кеткен дешет. Бул окуя "жабылуу аяк жабылуу бойдон калууга" аракет жасалганы менен минтип, "шибегеге капты ката албаган" сыңары эми калкып чыгып жатат. Абдиев бул боюнча эмне дейт болду экен.
Негизи, Абдиев аталган агенттиктин ишин жакшы жөндөп кете албай, чабалдык кылып, "чачырап" кетейин деп араң турат. Кол алдындагы башкармалыктын башчысы Калыков деген кызматкери го облустун прокурорун о дүйнөгө узатты. Бул каргашалуу окуя Абдиев башкарып жаткан агенттиктин бетине көө сүйкөп койгондой болду.
Тажрыйбасы, жетекчилик таланты жоктор деле кызматка коюп койсо,чоңдорго кошомат кылып, кызматын узартып жүрө беришет экен го.
Булак: "Багыт"