www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй районуна караштуу Дөӊ-Арык айылында 40 жаштагы жашоочунун үйүнө белгисиз беткапчан адамдар кирип, аны тоноого аракет кылышкан. Алгач алар аталган кишини, анын үй-бүлөсүн айрынын сабы сынганча сабашкан. Бирок ушул маалда бул үй-бүлөнүн үйүнө чоӊ атасы менен чоӊ энеси келип калып, беткапчан адамдардын тоноо аракети ишке ашпай калган.
Окуя ушул жылдын 17-ноябрына караган түнү болду.
«Түнкү саат 03:00дө белгисиз беткапчан адамдар киришиптир. Үйдүн кожоюну 1978-жылы туулган. Ал мал кармап, аларды сатып оокат кылат. 12 жашар баласына, аялына жана өзүнө кол салышыптыр. Дагы бир улуу баласы да жабыркады деп жатышат. Жыгачтар жана айрынын сабы сынганча сабашыптыр. 12 жаштагы баланы да катуу сабашкан.
Бул кишинин ата-энеси ошол айылга жакын эле жерде жашашат. Түн ичинде кол салуу болуп жатканда бир баласы чоӊ ата, чоӊ энесине телефон чалып, бирок сүйлөшпөй өчүрүп салыптыр. Чоң ата менен чоң эне бирдиги түгөнсө керек деп кайра чалышса, телефону өчүк болуп калган экен. Чоӊ энеси тынчсызданып баласына, келинине телефон чалса, эч кимиси жооп бербей, телефондору өчүп калыптыр. Мындан улам алар сарсанаа болушуп, баласынын үйүнө барышат. Үйдүн терезесинен бирөөлөр ары-бери басып жүргөнүн көрүшкөн экен. Андан соң, эшикти тыкылдатышат. Бирок эч ким ачпай коёт. Чоң атасы ачык турган терезе аркылуу үйгө киргенде беткапчан адамдар башка терезе аркылуу качып кетишиптир. Үйдүн ичи чачылган, кандын тактары бар экен. Апасы болсо балдарын коргоп, бурчта жатыптыр. Эгер чоӊ ата, чоӊ эне барбаганда, эмне болмок белгисиз», - деди айыл тургундары.
Оор жаракат алган үй-бүлө ооруканага жеткирилип, үйдүн кожоюнунун жана 12 жаштагы баласынын башына операция жасалган.
Ал эми Токмок шаардык ооруканадан: «Бир үй-бүлөдөн 3 адам түштү. Үчөөнүн теӊ абалы оор болчу. 12 жаштагы баланын, атасынын башына операция жасалды. Апасынын абалы жакшы. Ал дагы башынан жаракат алган. Баласы операциядан кийин жакшы. Бирок атасы бир аз өзүнө келбей жатат», - деп билдиришти.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы: «2018-жылдын 17-ноябрында болжол менен саат 03:55 чамаларында Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө Дөӊ-Арык айылындагы үй-бүлөгө кол салуу болгону тууралуу кабар түшкөн. Аталган жерге ыкчам тергөө тобу барып, окуянын чоо-жайын такташкан. Саат 03:00 чамасында 3 азиат түспөлүндөгү 20-25 жаштардагы балдар медициналык беткаптарды кийип, 35 жаштагы Б.А. аттуу жарандын үйүнө киришкен. Алар ага карата кыйноо аракеттерин жасашкан. Бирок талап кылгандарын ала албай, изин жашырып кетишкен», - деп билдиришти.
Аталган факт Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси менен (каракчылык) кылмыш иши козголду.
Учурда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Чүй РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлери тарабынан кылмышкерлерди аныктоо, аларды кармоо боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп жатат.
Булак: "Турмуш"