www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги Турсунбек Акун менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин менчик телеканалына берген маегинин алкагындагы айрым жагдайлар тууралуу баарлаштык.
-Турсунбек мырза, Алмазбек Атамбаев Илмиянов шайлоо боюнча чоң сырды билгени үчүн камакка алынды деген ойду кыйытты... Ал өз чындыгын кеч болсо да айтып жатабы же камактагы кадрларын ушундай жол менен болсо да коргоого өттүбү?
-Биринчиден, Илмияновду шайлоодо ашыкча каражат корогонун билген үчүн камашкан жок. Илмияновду Атамбаевдин доорунда коррупциялык иштерге аралашканы үчүн жана рейдерлик аракеттери үчүн камады. Илмиянов Атамбаевге таянып, курулуш компанияларын тартып алып, жерлерди басып алып, кытайларды кууп чыкканын көптөр билет. Мына ушундай мыйзамга каршы келген иштер менен алек болгону үчүн камакка алынды. Анын камалышын саясатташтырып, шайлоого байлабай койсо деле болмок. Илмиянов, Кулматов Атамбаевге эл таңгалган үйүн салып беришкени, өздөрү ченебей байыганы болбосо мамлекет үчүн пайдалуу деле иш кылышкан жок.
Ага карабай Атамбаев Илмияновду билими жок болсо да ак дилден иштеп, 40 жыл элине ак кызмат кылган Төрөбай Кулатовго теңеди. Чын чынына келгенде Илмиянов Төрөбөй Кулатовдун өзүнө эмес, баскан изине да татыбайт. Ага карабай айга, күнгө теңеди. Менимче шайлоо кассасын Атамбаев Илмияновду камалганы үчүн жаны күйүп чыгарган жок. Элден бөлүнүп, аны менен эч ким эсептешпей калганы үчүн чыгарды. Ошондой эле Сооронбай Шарипович анын шартына көнбөй өз алдынча иш кылганына кыжыры кайнап, жаман атты кылуу максатында Нурбек Токтакуновго жарыялатты.
Бирок, мен бир нерсеге таңгалам. Эгер Атамбаев азыркыдай болуп, адилеттик үчүн күрөшсө, баарынан чындыкты жогору койсо, анда неге шайлоо мезгилинде эсепсиз каражаттар корогонун айткан эмес. Токтакунов жарыялаган маалымат чын деп бышыктаган Фарид Ниязов неге ооз ачкан эмес. Чынында штабдын баарын Фарид Ниязов жетектеп, Сооронбай Жээнбековдун акча менен иши болгон деле эмес да.
-Демек, Атамбаевдер жарыялатса, Нурбек Токтакунов жарыялаган маалыматта чындыктын үлүшү бар экен да...
-Чындыктын үлүшү бар деп деле айталбайм. Анткени, чын болсо мөөрү жок катты жарыялашмак эмес. корогон сумманын баарын далилдөөгө аракет кылышмак. Менимче Атамбаев Нурбек Токтакуновду өз мафиясына кошуп алып, Сапар Исаковго адвокат кылып алып, шайлоого көп каражат короду деген маалыматты жарыялатышты.
Нурбек Токтакунов укук коргоочу болсун же адвокат болсун. Укук коргоочу болсо, такталбаган маалымат берип, экинчи тараптын укугун тебелебесин.
-Атамбаевдин кечээги маеги менен шайлоо мезгилиндеги сүйлөгөн сөздөрүнүн асман менен жердей айырмасы болуп калды го?
-Ооба, ал кезде Сооронбай Жээнбековду мактап, “27 жылдан бери мени менен келе жатат. Оор күндөрдү чогуу баштан кечирдик. Бардык жагынан төп келет” деп айткан эле го. Эми болсо, “Жээнбеков сатып кеткенде айкөлдүк кылып кечирип койгом” деп теңирден тескери сөздөрдү айтып жатат. Өкүнүчтүүсү, экс-президент калпычылык менен алектенип калыптыр...
-Атамбаев Сооронбай Жээнбеков Бакиевдердин жолуна түштү деген сын айтты. Ал сынга ынансак болобу?
-Чынында Сооронбай Жээнбеков президент болгону бир да саясатчы камалган жок. Бир да журналистти мени сындадың, деп куугунтуктаган жок. Замира Сыдыкова айткандай бир жыл тынчтык өкүм сүргөн жыл болду. Сооронбай Шарипович Атамбаевдей болуп, жок жерден саясатчыларды камап, жакындарын, ата-энесин боздоткон жок. Ар кимди камап, жол тостуруп, митингге чыгарган жок.
Атамбаев азыр акылдуу сүйлөп, элге жакшы таасир калтырууга аракет кылганы менен көп кишинин убалына калды. Канча адамдарды боздотту. Нариманды камады кайраттуу эле атасы каза болду. Садыр Жапаровду камады 80 ден ашкан Нуркожо аксакал баласын бир көрүүгө зар болуп, Садыр, Садыр деп өлүп кете берди. Сооронбай жээнбеков президент болгону Атамбаевдин мезгилинде камакка алынган Канат Исаев эркиндикке чыкты. Алманбет Шыкмаматов кесилбей калды. Акырындык менен адилеттик орной баштады. Туура эмес чечим чыгарганы үчүн соттор жоопкерчиликке тартыла баштады.
-Сооронбай Шарипович бийлиги Атамбаевден эмнеси менен өзгөчөлөндү?
-Сооронбай Шариповичтин бийлигинин Атамбаевдин бийлигинен артыкчылыгы, өзгөчөлүгү көп. Бирок ал Атамбаевдей болуп, жалгыз Икрам, Фарид менен иш кылбайт. Сооронбай Шарипович эл менен, дасыккан адистер менен бирдикте иш кылат. Ар бир тармактын өкүлдөрү менен жолугуп, колдоо көрсөткөнгө аракет кылат. Ошлндой эле оозуна келгенди оттобойт. Көп учурда Атамбаевге теңелбейт. Эмоцияга алдырбайт. Сооронбай Шарипович 24 кжге маалымат бергенче Атамбаев тууралуу эч нерсе айткан эмес. Шайлоо кассасын жарыялап, коомдук пикир жаратуу үчүн аракет кылганда гана Атамбаев тууралуу кичинекей гана комментарий берди.
-Бирок, Атамбаевдин тарапташтары Жээнбеков анын жакшылыгын билбей кеткендей айтып жатышат го?
-Сооронбай Шариповичти өкмөт башчы, президент кылууга салым кошту. Бирок, Жээнбековдор да Атамбаевге андан кем эмес пайда келтирген. Маселен, Жээнбековдор болбосо, парламенттик шайлоодо КСДП түштүктөн анча көп добуш алалбайт болчу. Анын бийлигин түштүктө Жээнбековдор гана колдоого алдыртып турчу. Ошон үчүн Атамбаев Асилбек Жээнбековду депутат, Сооронбай Шариповичти президент кылды дешкени суу кечпей калат. Депутат болсо, аны Атамбаев эмес, Кара Кулжалыктар шайлады деп түшүнүшүбүз керек. Алардын да эмгектери бар да. Атамбаев өзүнүн кадрларын камады деп Сооронбай Жээнбековду жаман көргөнү менен эл алардын камалышын колдоп жатпайбы.
Булак: NazarNews.kg