www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушундагы талкаланган кадр саясатынын кесепети азыркы күнгө чейин мамлекеттин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. АШАнын доорунда шоопур, жансакчы, кампачылар министр, мэр болгон болсо, верстальщик Кылыч Султан Социалдык өнүгүү министри, андан соң элчи болуп элдин оозун ачырган.

Дал ушул Кылыч Султан ушак жазган гезити аркылуу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин арыгын чаап келет. Элчилик кызматта турганда АШАнын берген акчасына кутуруп, ойду-тоону сүйлөп, аягында өзүнүн “арты” ачылып кызматтан куулган эле. Көп өтпөй “бул бийлик болбой калды, чет өлкөдөн башпаанек сурадым, булар менен сырттан туруп күрөшөм” деп дагы бир ирет элдин оозун Ошту караткан.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда Кылыч Султанга эч бир өлкө баш паанек бербей койгон. Анткени, ага негиз жок болчу. Эми бул “апенди” Кыргызстанга кайра кайтып келип буга чейинки аракетин жөн эле “тамаша” катары сыпаттаганы кандай?

Сөздү бурмалап, өзүн актабай эле “Атамбаевдин келечеги жок болуп калды, ага ишенип ай талаада калып кетпейин деп ушундай чечим кабыл алдым” десе жарашмак. Саясий куунтукка кабыла турган фигура болсо бир жөн эле.

Катардагы верстальщикти куугунтуктап бийликке эмне күч келиптир?

Булак: "Инсайдер Кыргызстан"

Последние новости