www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Дайыма биз өз оокатыбыз менен алек болуп, жаңжал токтоду деп бейкапар жашап баштаганда күтүлбөгөн жерден чуу чыгарышат», - деди бүгүн, 30-апрелде NazarNews маалымат агенттигине Абдиманап Шайдуллаев.

- Абдиманап мырза, эки-үч айылдын үйлөрүн өрттөп, айылдарды талкалаптыр деген маалыматтар тарады. Көк-Таш айылына тийишпептирби?

- Аны билбейм. Биздин айылда аскер адамдарынан башка эч ким калган эмес. Айылдагы жарандардын баарын Баткенге эвакуациялашкан. Ошондуктан, ал жактагы абал кандай экенин так биле албай жатабыз.

- Эмне үчүн Тажистандын бийлиги расмий келишимге кол коюп туруп, кайра убаданы бузуп, ок атууну токтотушкан жок?

- Алар табиятынан ушундай. Бир канча жолу чырдаштык. Кайра элдештик. Бирок, эч качан сөзүндө турушпайт. Дайыма биз өз оокатыбыз менен алек болуп, жаңжал токтоду деп бейкапар жашап баштаганда күтүлбөгөн жерден чуу чыгарышат. Кечээги расмий келишимге кол коюп туруп, кайра эле ок атууну токтотпогону ошонун бир мисалы десек болот.

- Эми биздин күч органдар кандай кылышы керек? Аларга ишениши керекпи же сак турушу керекпи?

- Согуш токтоду деген күндө дагы кеминде 2-3 ай аскер техникаларын Баткенден чыгарбай туруш керек. Болбосо булар курал-жарагын камдап алып, кайра эле даяр болгондо күтүүсүз жерден кол сала беришет. Буларда убадага тууру, сөзгө туруу деген жокко эсе.

Ошон үчүн биз да булардан өтүп, куулук кылып, Көк-Таштын аркы бетин, берки бетине, чек ара менен чектеш аймактардын баарына аскер техникаларын коюп коюшубуз керек. Ошондо гана булар сестенет. Болбосо, согуш чыгарып, кол сала беришет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости