www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин кыргыз-тажик чек арасындагы чырды чечүүгө ортомчу болууга даяр. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымына таянып РИА Новости кабарлады.

«Бизди ар кыл форматтагы уюмдар башыбызды бириктирип турат, анын ичинде ЖККУ да бар. Мамлекеттердин арасында жаралган курч маселелерди жөнгө салууга президент Путин дайым даяр.

Мамлекет башчы аны бир нече жолу далилдеген. Буга чейин эки өлкө ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшкөн. Азыр биз бул дипломатиялык ишке байкоо жүргүзүп жатабыз, чечимди колдойбуз», - деген Песков.

Эске салсак, Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө. Бирок буга карабастан ок атуу токтой электиги айтылып келет.

Бир нече айылдын тургундары үй-жайын таштап, аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости