www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызыл-бел айылында ок атышуу башталды

Баткен облусунун Баткен районундагы Кызыл-Бел айылында катуу согуш башталганы айтылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлады.

«Ташиевдин сүйлөшүүсү ийгиликсиз болду окшойт, Кызыл-Белде катуу согуш башталыптыр. Колдо бар куралдын баары менен атып башташыптыр. Оор артиллерия да тартылыптыр», - деп жазды район тургуну.

Кызыл-Бел Баткен районундагы Тажикстан менен чектеш аймак болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, бүгүн саат 13:00дө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен жолукту. Жолугушуу эки өлкөнүн чектеш аймагында өткөн.

Ташиев жергиликтүү ЖМКларга берген маегинде бардык суроолор чечилип жатканын айткан. Кечке чейин кырдаал жөнгө салынарын кошумчалаган.

Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияны жетектейт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости