www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдулла: Сөөлжан багуу – жеңил жана кирешелүү бизнес

Биз жеп жаткан жер-жемиштердин бардыгы химиялык азыктар менен бышкандыктан, аны жеген адамдарда ар кандай оорулар көбөйүп, иммунитетибиз алсыз болуп келет. Ал эми Борбор Азия Багбандар биримдигинин жетекчиси Абдулла мырза багбандарды табигый жер семирткич менен камсыз кылып, таза тамактануубузга аракет кылып келет. Ал үчүн бир жылдан бери сөөлжан багуу менен алектенет. Сөөлжан менен таза тамактын кандай байланышы бар десеңиз, төмөнкү маекке көз чаптырыңыз.

-- Абдулла мырза, сөөлжан өсүмдүктөргө эмнеси менен пайдалуу?

-- Сөөлжандан алынган биогумустун курамы өсүмдүктөргө керектүү заттарга абдан бай. Алсак, азот, кальций, фтор, магний, дегеле керектүү элементтердин баары бар. Анан да табигый жол менен алынгандыктан, ал азыктын адамдардын ден соолугуна зыяны жок болот.

-- А биогумус кантип алынат?

-- Сөөлжандар алгач малдын көңүнүн үстүнө ташталат. Ошол көңдүн арасында жашап, анын курамындагы өздөрүнө керектүү азыктар менен тамактанышат. Азыгы калбай калганда көңдүн үстүнө өздөрү эле чыгып алышат. Ошондо ящиктерге жаңы көңдөн салып туруп тизип койсок, сөөлжандар ящикке чыгышат. А калганы биогумусу болот.

-- Негизи, сиз сөөлжан багууну кантип колго алып калдыңыз?

-- Биз алгач социалдык тармактарда “Борбор Азия багбандары” деген тайпа түзүп, бак-дарактарды отургузуу, багуу тууралуу кеп-кеңештерди бири-бирибиз менен бөлүшүп турчубуз. Ошондо “кантип органикалык өсүмдүктөрдү өндүрөбүз” деген суроо жаралып, талкуулап отуруп андайды биогумус аркылуу аларыбызды билдик. Андан кийин “ошол биогумусту кайдан алсак болот?” деп изденип отуруп сөөлжандан аларыбызды аныктадык. Биогумусту талкуулаганда тайпадагы багбандар “же багбанчылык кылгыла же сөөлжан баккыла” деп айтышты. Ошондо сөөлжан багууга кызыккандарыбыз бөлүнүп чыгып, өзүнчө тайпа ачып алдык. Негизи, сөөлжан багуу бизде 45 жыл мурда эле башталган экен. Эң алгачкылардан болуп кадамжайлык Райкан аттуу эжебиз багыптыр. Ал эже менен сүйлөштүк. Дагы бир чүйлүк Замирбек деген бала бар экен, ошол жигит бизге сөөлжан багууну үйрөттү. Мындан сырткары коңшу Өзбекстандын Рустам аттуу жараны сөөлжан багуудан бир жылдын ичинде бир канча миллион киреше таап, анын аркасы менен банк ачыптыр. Ал киши менен да жолугуп, кеп-кеңешин уктук. Ошентип, сөөлжан багып жүргөнүмө бир жылдын жүзү болду.

-- Башында сөөлжанды кайдан алып келгенсиздер?

-- Сөөлжанды жарымыбыз Өзбекстандагы Рустамдан, калганыбыз Райкан эжеден сатып алганбыз. Сөөлжандын Калифорния түрү айыл чарбага абдан ыңгайлуу. Мамлекет өзү киришип Калифорниядан же Нидерландыдан жок дегенде 100 килограмм таза сөөлжан алып келип беришсе, аларды көбөйтүп, Кыргызстан боюнча таза сөөлжан таратат элек. Биз өз каражатыбызга сатып алууга деле даярбыз, болгону, келишим менен алып келүү жолдорун түзүп берсе чоң жардам болор эле. Азыр мен биздин кыргыз сөөлжаны менен Колифорния сөөлжанын аргындаштырып “старатель” сөөлжанын чыгаргам. Бирок таза Калифорния сөөлжаны башкача.

-- Сөөлжан багуу оорбу?

-- Жок, оор деле эмес. Башкысы, туура багуунун жол-жобосун үйрөнүп алуу керек. Сөөлжанга органикалык калдыктар менен эле нымдуулук керек экен. Нымдуулугу дайыма 80 пайыз болуп туруусу абзел, болбосо кургактан өлүп калышат. Ошондуктан жайдын күнү эки күндүн биринде көңгө суу куюп туруу керек. Кышкысын, албетте, азыраак куябыз. Анан сөөлжан күндүн нурунан коркот, ысык-суукка туруштук бере албайт, ошого үстүн целлофан менен жаап багуу кажет. Башында катачылыктар көп болду. Суукка тоңдуруп, хлор суу куюп жиберип же азыгын жеп бүткөнүн билбей канчасын өлтүрүп алдым. Биз баарыбыз үйрөнчүктөрбүз да, ошондуктан жакшы “мугалимибиз” эле “Ютюб” социалдык тармагы болуп калды. Сөөлжан багуунун бардык сырларын ошол жактан үйрөнөбүз.

-- Булар кантип көбөйүшөт экен?

-- Сөөлжандардын эркек, ургаачысы жок. Бардыгы жумуртка ташташат. Алар кадимки тооктун жумурткасындай эле жарылып, жашап кете беришет. Эгерде жакшы шарт түзүп берсе, бир жылда бир сөөлжан 1500гө чейин көбөйөт.

-- Анда абдан кирешелүү бизнес экен да?

-- Ооба, бул кирешелүү, ошол эле учурда жеңил бизнес десем да болот. Он миң сом каражат, бир “Портер” көң жана 200 литр суу болсо эле сөөлжан багуу бизнесин баштаса болот. Азыр менде алты миллиондой сөөлжан бар. Анын бардыгын сатсам 100 миң доллардын тегерегиндеги каражат түшөт. Сөөлжандын өзүн да, биогумусун да сатабыз. Бир килограмм биогумустун баасы 25 сом, ал эми бир килограмм уруктук сөөлжан 1000 сомду түзөт. Күнөсканасы барлар, гүл өстүргөндөр, багбандар көп алышат. Кардарларыбыздын саны арбын, алдын ала жазылып алышат. Башка региондогулар да сурашат, бирок Оштун өзү менен эле чектелип, калганына жетишпей жатабыз.

-- Өзүңүз сөөлжан бакканга дейре эмне жумуш кылчу элеңиз?

-- Мурда мен “Дордойдо” соода кылчумун. Бул жумушту колго алгандан кийин базардагы контейнерлеримди сатып, баш-отум менен айыл-чарба бизнесине киришкем. Жакындарым дагы колдоого алып жакшы ниет кылышты эле, азыр үзүрүн көрүп жатабыз. Сөөлжан багууну жакындарыма, кошуна, досторума, дегеле каалагандын баарына үйрөттүм. Ушинтип Кыргызстан боюнча эки миңдей кишинин сөөлжан багуусуна себепкер болдум. Дагы да көбөйтүүнү каалайм, анткени бул бара-бара эң кирешелүү бизнестин бири болот. Жаштарга дагы агрономдук билим алууну сунуштайм.

Айгерим Токтобай кызы

Булак: Lady.kg 

Последние новости