www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан демилгеленген «Таза аба» аба долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтүп жатат. Иш-чарага депутаттар, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышууда.

Депутат Абдывахап Нурбаевдин айтымында, Кыргызстанда абанын булганышынан улам чыккан кесепеттер олуттуу көйгөйгө айланды, бул багытта шашылыш чараларды көрүү милдети турат. Ошондон улам, депутаттар тобу “Таза аба” долбоорун сунуштап, ага байланыштуу бир нече мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөргөн.

Ошондой эле, эл өкүлдөрүнүн сунушу менен “Абаны булгоонун булактары” жөнүндө изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыктары талданып чыкканы белгилүү болду. «Бул изилдөөнүн негизинде абанын булгануусуна жана айлана чөйрөгө терс таасирин тийгизген зыяндуу заттарды пайдаланууну азайтууга багытталган мыйзам долбоору иштелип жатат», - дейт депутат.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Бишкек шаарындагы абанын булгануусунун негизги булагы автоунаалардан бөлүнүп чыккан уулуу газ, үйлөрдө жагылган катуу отундун түтүнү, чаӊ менен таштандылар болуп саналат. Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрүнө караганда, ордо калаанын, анын ичинде жаӊы конуштардын тургундарынын 40 пайызы катуу отунду пайдаланат. Алар жаккан мештер болжол менен отунду 20-30 пайызга көп талап кылат.

Андан тышкары, имараттар талаптагыдай жылууланбагандыктан, жылуулук энергиясын жоготуу 60 пайызга чейин жетүүдө. Эксперттердин айтымында, Евробирликтин курамына кирген өлкөлдөргө салыштырмалуу Кыргызстанда жылуулукту жоготуу өлчөмү 5 эсеге көптүк кылат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости