www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Коопсуз шаар» долбоорундагы видеокамераларга түшкөн сүрөттөрдүн интернетке - коомчулукка чыгып кетишине байланыштуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагындагы маалыматтардын чыгышын иликтөө жана жарандардын өздүк маалыматтарын колдонуудагы көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын биринчи орун басары Кубатбек Бороновго тапшырды.
Ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинине ыкчам түрдө факты боюнча күнөлүүлөргө чара көрүү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди.
Мухаммедкалый Абылгазиев бул кырдаалда сүрөттөгү адам экинчи планда деп эсептейт.
- Биринчи кезекте «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагындагы жарандардын жеке маалыматтарын пайдалануудагы көзөмөлдү күчөтүү керек. Биз санариптик технологияларды турмуштун бардык чөйрөлөрүндө кеңири колдонууга жетишүүбүз керек. Бул жөнөкөй эле тапшырма эмес. Тилекке каршы, бардык тармакта ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча биздин аракетибиз дайыма сынга жана кыйынчылыктарга кабылат. Ошондуктан, адекваттуу жооптуу аракеттер кабыл алынышы зарыл, тагыраак айтканда, жеке маалыматтарды коргоо чараларын күчөтүү жана маалымат системасынын ченемдик мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу керек. Бул өтө маанилүү. Коомчулук бул долбоорду биринчи күндөн баштап эле колдоп келүүдө, бул каттамдардагы кырдаалды түп тамырынан бери өзгөртүүгө жакшы шарт түздү. Учурда долбоордун кийинки баскычтарын жүзөгө ашыруу боюнча иштер жасалууда. Биз бардык системадагы иштердин жөнгө салынышын, так жана коопсуз болушун камсыз кылышыбыз керек, - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Булак: NazarNews.kg