www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Руслан Казакбаев, ЖКнын депутаты: “ТИМ шайлоого даярдыкты азыртан баштаганы жөндүү”, деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган.

– Руслан Айтбаевич, алдыда парламенттик шайлоо келатат. Бул жолу чет жерде жүргөн миңдеген жарандарыбыздын шайлоого катышуусу кандай болот? Алар өздөрүнүн жарандык укуктарын пайдалана алышабы, же буга чейин болуп келгендей, көбү бул өнөктүктөн сыртта калышабы?

– Эми президенттик шайлоодо да, парламенттик шайлоодо да сыртта жүргөн эмгек мигранттарыбыз өздөрүнүн добуш берүү укугун колдонбой калышы жылдан-жылга, шайлоодон-шайлоого айтылып келатат. Алардын биздин элчиликтерде, консулдук пункттарда гана добуш берүүсүнө уруксат берилип атпайбы. Эл аралык укукка ылайык, элчиликтер менен консулдуктардын имараты Кыргызстандын аймагы болуп саналат да. Ошон үчун көп мамлекеттерде уруксат берилип жатат. Бирок, бул аздык кылат. Россияда болжол менен 500-700 миң, Казакстанда 150-200 миң жараныбыз жүрөт. Ошондукган, жарандык активисттер, саясатчылар, кыргыз мигранттары көп жашаган шаарларда дагы шайлоо участогун ачуу боюнча маселени көтөрүп жатышат. Буга аракет кылып көрсө болот. Бул үчүн ошол мамлекеттердин бийлигинин уруксаты керек. Ошондуктан, миграция комитети, тышкы иштер министрлиги азыртан эле иштей баштоого тийиш.

– Бул ишти элчиликке эле жүктөп койгон туура болобу? Башка багыттар боюнча да иштеш керек го?

– Сөзсүз да. Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр, тышкы иштер министри өзүнүн расмий кездешүүлөрүндө ушул маселени көтөрсө болот, деп Руслан Казакбаев "АЗИЯnews" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости