www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы депутат Улукбек Кочкоровду эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштады. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу "Азаттыкка" билдирди.
Эреже боюнча, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына талапкерди өкмөт башчы сунуштап, парламент бекитет. Жогорку Кеңеш бул маселени качан карай турганы азырынча белгисиз.
Улукбек Кочкоровду колдоп берүү тууралуу премьердин каты парламенттеги тармактык комитеттерге келип түшкөнү кабарланды.
44 жаштагы Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында "Ата Журт" партиясынан депутат болгон. Былтыр президенттик шайлоодо да ат салышкан. Учурда "Жаңы доор" саясий партиясын жетектейт.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин жана анын орун басарларынын орду 11-октябрдан бери бош турат. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөргө өзүм билемдик менен барган саякаттарын текшерүүнү сунуштагандан кийин Башкы прокуратура алар премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен чет жактарга бир нече ирет барганын ырастаган.
Ошондон кийин министр Таалайкүл Исакунова, орун басарлары Лунара Мамытова менен Жылдыз Полотова кызматтан кеткен. Анын алдында Түштүк Кореяда аэропортто болгон окуя үчүн министрдин дагы бир орун басары Зууракан Каденова иштен алынган.
Булак: NazarNews.kg