www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда журналисттер обон созушат

Эми Жалал-Абад областындагы эмгектенип жаткан журналисттер калем, камераларын мындай коюп, жуп-жубу менен сахнада ырдап чыкмак болушту. Быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылына, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына, 7-ноябрда белгиленүүчү маалымат жана басма сөз күнүн арнап, Кыргызстан журналисттер союзунун Жалал-Абад областтык бөлүмү массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин арасында “Кош жылдыз” кароо-сынагын өткөрмөк болду.

Кароо-сынактын жобосуна ылайык, ага областтын аймагындагы бардык массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери катыша алышат жана ага кандайдыр бир чектөөлөр коюлбайт. Ар бир ММКдан бир же бир нече жуп кызматкерлер өздөрүнүн чыгармачылык дараметин көрсөтүшмөкчү. Сынак эки бөлүктөн туруп, биринчисинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окуу, инсценировкаларды көрсөтүү болсо, экинчи бөлүгүндө обондуу ырларды аткаруу каралган. Албетте, улуттук кийимдерди жараштыра кийинүү жагы да бааланмакчы. Сынакка жуптар бир жигит – бир кыз форматында катышышат.

Кароо-сынак Жалал-Абад шаарындагы Токтосун Тыныбеков атындагы областтык филармониянын имаратында өтүп, аттары атпай журтка белгилүү өнөрпоздор коштомокчу.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө ар кайсы номинацияда олчойгон сыйлыктар берилүүсү каралды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости