www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23 – июлда “Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев маданият, адабият тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуп, аталган чөйрөдөгү азыркы абал жана анын келечеги тууралуу баарлашты. Иш чарага КР Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов да катышты.

Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө фракция лидери адабият, маданият аркылуу адамдын аң - сезимине позитив тартуулай турган чыгармалар жаралышы керектигин айтып, социалдык тармактарда биримдиктүү аянтчага баш кошууну белгиледи. Ошондой эле, Б.Төрөбаев, - бул жагынан диний аалымдардын агартуучулук аракети активдешип жаткандыгын да .мисалга келтирди.

Диалог жүрүшүндө белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров, - “Өлкөнүн экономикасын өстүрүү багытына көңүл буруп, тоо – кен тармагына канчалык инвестиция тартылып жаткан болсо, маданиятка да ошондой эле мамиле жасалса жакшы болмок. Бирок, маданий чөйрөгө бир дагы инвестициялык салым болгон жок”, - деп айтты. Ошондой эле ал, - Ысык – Көл областынын Тоң районун этномаданий корукка айландыруу багытында мыйзам долбоору даярдалгандыгын маалымдап, аны кабыл алуу зарылчылыгына токтолду. Кинорежиссердун белгилешинче, Кыргызстанда тартылган кинолордун 80%ы дал ошол Тоң районунда тасмага түшүрүлөт.

Айтылуу кинорежиссер Геннадий Базаров, - мамлекеттик деңгээлдеги  жетекчи кызматтагылар убагында И.Раззаков театрга баргандай, маданий жайларга байма – бай каттоосу калыпка салынса, маданиятка болгон көңүл буруунун, тармактын кадырын өстүрүүнүн символуна айланмактыгын айтты.

Жолугушууга катышкан акын Атахан Кожогулов акын -жазуучулардын дидарлашып, чыгармачылык иштери тууралуу ойлорун ортого сала турган атайын ордонун орунсуз абалга кабылгандыгын белгиледи. Анткени, жазуучулар союзу өз имаратына ээ эмес. Ижарага алып олтурган имараттын карызы капчыкты тешип олтурат.

Акындар Зайырбек Ажыматов менен Акбар Кубанычбеков балдар, жаштар адабиятын жандандыруу талаптарына токтолсо, калемгер Айнагүл Базарбаева китеп чыгарууда жазуучулар менен сүрөтчүлөрдүн тыгыз кызматташтыгын жолго коюу негиздерине кайрылды.

Жолугушууда жазмакер Сымбат Максутова, - “Азырынча адабий кечелерди өткөрүүдө бир гана “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фондусунун аракети болбосо, башка тараптын таянычы байкалбай жаткандай”, - дейт.

Сүрөтчүлөр да өз эмгектерин эл аралык көргөзмөлөргө алып чыгууда ар бири өз аракетине жараша иштеп жаткандыгын айтышты. Сүрөтчүлүк – мөмөлүү дарак болсо, азыр ал суугарылбай, кургап калган абалда турат, - дейт жолугушууга келген кыл калем чеберлери.

Ийри олтуруп, түз кеңешкен талкуунун жыйынтыгы менен, жалпы маданият тармагын өнүктүрүүдөгү ички биримдиктин казыгын бекемдөө сунуштары айтылды. Жогорку Кеңештин Төрагасынын фондусунун эсебинен атайын каражат бөлүп, маданият, адабият тармагындагы атаандаштыкты өнүктүрүп, сапаттуу чыгармаларды жаратууга чыйыр салуу боюнча ойлор ортого салынды. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости