www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы бүгүн Бишкектин бир канча кичи райондоруна жете турган электр энергиясын пайдаланган, өлкө бюджетине 183 млн. сомдон ашуун зыян келтирген майнинг-ферма аныкталганын кабарлады.

Маалыматта: мындай учур Кыргыз-станда биринчи жолу катталып жатканы айтылат. Кытай жана Кыргызстандын жарандары компьютердик программаларды иштеп чыгуу жана аларды изилдөө лабораториясы деген негизде Т.Ц. аттуу ишкана ачып иштеп келишкен. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, бул топ өздөрүнүн санарип акча, криптовалюта (биткоин) түзүү боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жүргөнү аныкталган. Муну менен катар алар эсептеп чыгаруучу систе-маны, телекоммуникацияны жана байланыштагы жаңы каражаттарды (компьютердик жабдуулар-блок-чейн) колдонушкан.

Кыргызстандын жараны ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон жана ал майнинг-фермага электр энергиясын жеткирип берген. Ортомчулук кызматы үчүн компания 2018-жылы 21 млн. сом киреше тапкан жана салык төлөгөн эмес. Т.Ц. мекемесин тинтүү маалында 8 миңден ашуун күнү-түнү электр энергиясына жана интернетке байланышып турган ар кандай моделдеги майнер табылган.

Ишкананын жетекчилиги ага уруксат берген документтерди көрсөтө алган эмес. Ошондой эле электр энергиясын пайдалануу нормадан ашканы, болжол менен 6-7 мегаватты түзгөнү белгиленет. Анын баасы айына 13-14 млн. сомду түзгөн. Муну Бишкектин бир канча кичирайондору пайдаланган электр энергиясына салыштырса болот, - дейт "Багыт.kg" гезити.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости