www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө эли коронавирустан чарчап-чаалыгып бүттү. Былтыр 2019-жылдын декабрында Кытайдан башталган бул ааламат, жер жүзүн бут кучагына алды. Коронавируска чалдыкпаган Түркмөнстан, Түндүк Корея жана үч арал мамлекет калган. Түркмөнстан да бул ооруга чалдыгып, коронавирус алдына жатып берди. Коронавируска чалдыккан адамдардын саны дүйнө боюнча 10 миллионго чукулдап, жарым миллионго жакын адам өмүрү менен кош айтышты. Адахам Кимсанбаевичтин тилеги жакшы коронавирус бар экенине ишенбөөгө чакырып жатат. Арийне, коронавирустан көз жуумп жаткандар, коронавирустун бар экенин аныктап жатпайбы? Андан көрө коронавирус карааны башкалардай эле, Кыргызстанды аралап жүрөт, санитардык режимди бекем сактап, коронавирустан сак болуңуздар десе жарашмак.

Ооба, коронавирусту шылтоолоп карантин кийирүү туура эмес. Санитардык эрежени сактап ар ким өзү үчүн жооп берүү керек. Карантиндин пайдасын кээ бир айыл өкмөттөрү да табышты. Алсак Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт мырза кол алдындагыларга айлык деп 113 528 сомдон бөлүп, коронавируска гуманитардык жардамга келген 4 000 000 сомду сугунуп койгон. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Воронцовка, Бир-Булак, Таш-Дөбө, Чоң-Таш, Заречный жана башка айылдардын жети миңге чукул адамы карантин учурунда «жел соруп» күн көрүштү. Ал эми Бир-Булактык Бакыт мырза демөөрчүлөр карантинге карата берген азык-түлүктөн берилген гуманитардык жардамдарды жакындарына, тааныштарын берип 4 000 000 сомдун изин жашырган. Бул тууралуу айыл өкмөтүнүн эли билип калып, коопсуздук кызматкерлерине билдиришкен. Прокуратуранын кызматкерлери өз учурунда бул кылмыш ишин тергеп, 4 миллион сомду ордуна коюуга милдеттендирген. Бул акча каражатын төлөөргө келгенде айыл өкмөтү Бакыт мырза жер жутуп кеткен сыяктуу жок. Эмне карантинге келген миллиондорду ичип-жеп алып качып кетсе боло береби? Карантинде «жел ооп» турган кары-картаңдардын, жетим-жесирдин убалы кимге?

Ушундай оор кырдаалда айыл өкмөттөрү элди ойлоп, элди кубаттап турса жакшы болмок. Балким Мадумаровдун түпкү оюу ушуга байланыштуудур. Бирок, коронавирус кыргыз жеринде жок деп айтуу туура эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости