www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, ырчы Асел Кадырбекованын абалы тууралуу маалымат берди.

"Журналисттер аябай көп чалып ишибизге жолтоо болуп жатат. Мен сиздерди түшүнүп турам, себеби эл дагы бул маалыматты күтүп жатат. Аселдин ден соолугу дагы деле оор бойдон калууда. Кома абалында жатат, бирок өзү дем алып, кам басымы өзүнүкү, эч кандай дарынын жардамы менен эмес. Башка маалыматты айта албайбыз, Аселдин жакындарынан сураңыздар", - деди Жумабеков.

Академик Сабырбек Жумабеков Асель Кадырбекованын абалы тууралуу билдирүү таратты

Опубликовано Talant Omuraliev Воскресенье, 28 июня 2020 г.

Асел Кадырбекованын кырсыкка кабылганы маалым болгондон кийин көптөгөн адамдар социалдык тармактарда #ЖашаАсел деген хэштег менен ырчыга ден соолук тилеп жатышат.

Эске сала кетсек, 26-июнда Бишкек шаарынын Медеров менен Тыныстанов көчөлөрү кесилишинде эки унаа катуу сүзүшкөнү маалымдалган. Андан болжол менен 3 адам жаракат алып, 1 адам каза болгон.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын ичинде ырчы Асель Кадыбекова да бар экени айтылган. Учурда ал Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости