www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пайдалуу достон үчөө болот. Алар: чындыкты бетке айткан, сөздү түз сүйлөп, көптү-көрүп-көп билген адамдар. Бүгүнкү каарманымда дал ушул сапаттар бар. Журналистика жолумда чындык издеп, тактык үчүн күйгөндөрдөн, мүмкүн болушунча өз кесибинин профилеринен маек алып калуунун аракетиндемин. Анда эмесе, сөз башынан болсун/
--Чыңгыз Айтматов "Тоолор бөксөрбөйт" деген экен. Сиздин оюңузча, бул сөзүндө эмне деген сырларды каткан?-
--Тоолор бөксөрбөйт дегенди кыргыз кандай кабыл алат?! Тоолор - бул улуулук , бийиктик, оор басырыктуулук. Ошол тоолор сыяктуу залкар, алп инсандарыбыз бөксөрбөйт, жоголбойт, изи билинип тургансыйт...Залкарлардын эмгеги өлбөс-өчпөс деп бекеринен айтпайбыз. Кимдир бирөөгө ишеним катуу болсо, таянар аска- зоом деп айтабыз. Мына ушинтип тээ илгертен келе жаткан улуулук такыр жоголбойт. Бул түшүнүктү тоодой орду бар деп кабыл алышыбыз керек. Айтматов мына ушундай сырды катып кеткен.
--Көп учурда "маданият" жана "цивилизация" түшүнүгү синоним сымал каралат. Бул түшүнүктөрдүн маани-маңызы бир жерден кесилишип турат. Көп учурда, цивилизация, анын тарыхый өнүгүшү, коомдун материалдык жана рухий жактан ийгилик жыйындысы маданият болуп саналат өңдүү. Буга сиз эмне деп жооп берет элеңиз?
--Туура. Цивилизация, кээ бир учурда “цивильно” бул элдик деген түшүнүктү берет. Цивилистика - бул жарандык маселелерди карай турган илим, экинчи тармагы цивиль дегенсөздүн мааниси адамдын ой жүгүртүүсү, аң –сезими, дүйнө таануусу. Дүйнө кабылдоосу, мүмкүнчүлүктөрү аябагандай өскөн коомдор болгон. Ал коомду, анан цивилизацияга жетишкен коом экен деп ар тараптан суктана карашкан. Цивилизация менен маданияттын ортосунда түздөн-түз окшоштук жана биримдик бар. Себеби маданияттуу коом цивилизацияга жетет. Маданияты төмөн элде цивилизация түшүнүгү болбойт дагы. Цивилизацияга жетишкен өлкө деп маданият, спорт, архитектура, тарых, медицина тармагы өнүккөн өлкөнү айтат. Мына ошонун баарынын туюнтмасы бир сөз менен айтканда цивилизацияны түзөт. Маданият деген кең түшүнүк: кийим кийүү маданияты, тамактануу маданияты, сүйлөө маданияты, каада-салт маданияты, тамак ичүү маданияты, өзүн коомдо алып жүрүү маданияты жана башка. Тармагы көп маданияттуу коом экен деп айтканга караганда өтө бийик цивилизацияга жеткен экен деген эл аралык түшүнүк жеткиликтүү. Цивилизацияга жетишип калыптыр десе көп тараптуулук бар дагы экөөнүн ортосунда кесилишип турган маани ушул. Андыктан цивилизация өнүкмөйүнчө маданият өнүкпөйт. Маданиятсыз өлкө цивилизацияга жетпейт дагы экөө бирдей түшүнүк берип, бирдей баскычты басып өтөт.
--Ашыкча доор келгенде аргымактай дуулдайсың, Ашыкча доор кеткенде, акпай калган суудайсың деп Жеңижоктон калган терме-насаат ыры бар. Көрөгөч акын бүгүнкүбүздү сүрөттөп койбоду бекен...
--Бүгүнкү күндө кыргыз искусствосу акпай калган суудай дагы эмеспиз, токтоп калган балчыктагы суудайбыз. Себеби опера тармагынан ушунчалык бийик деңгээлде дүйнөгө атагы тараган, айылдын жөнөкөй үй-бүлөсүнөн чыккан Болот Миңжылкиевди алалы. Дүйнөнү дүңгүрөткөн Санкт-Петербургдагы Марин опера жана балет театрында 17 жыл солист болуп иштеген. Биздин кыргыз баласы Болотко берилген өзгөчө сыймыкты айта кетели, “Борис Годуновдун” ариясын ким аткарат деген маселе туулганда ошол кездеги мыкты делген опера ырчылары конкурстарга катышып калат, алардын арасында СССРдин эл артисттери: Зураб Саткилава, Юрий Богатиков болгон. Жападан-жалгыз Болот агабыз “Борис Годуновдун” ариясын аткарып кетишин бийиктиктин туу чокусу десек жарашат. Биз көпчүлүк учурда Италиянын Милан шаарында жайгашкан Ла Скала опера жана балет театрын шумдуктуудай көрөбүз, бирок Марин опера жана балет театры деле Ла Скаладан кем калбаган дүйнө жүзүндөгү кадимки маданият очогу. Бул бир. Балет жанрынан дүйнөгө атагы таш жарган Бүбүсара Бейшеналиева. Кыргыз легендасына айланды да кете берди. Кино актёрлордон уникалдуу талант, мыкты сүрөтчү, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов. Ошол кезде “четвертая вершина” деп аталган төрт жолу катары менен “эркектин эң мыкты ролу” деген сыйлык менен сыйланган. Чокморовдун ролундай образдарды жаратуу эч кимдин маңдайына жаралган эмес. Театр тармагынан СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов. Айтылуу У. Шекспирдин “Король Лиринде” башкы каарманды ойногонжактан Шекспир кандай жазса ошондой жеткирип бере алган актёр Рыскулов эле. Мына жогоруда атап өткөндөрдөн башка дагы не деген залкарларыбыз кыргыз искусствосунда атан төө көтөргүс атак жаратып, кыргыз тарыхына өлбөс-өчпөс из калтырып кетишти. Азыр ушул залкарлар жаштарыбызга жомок болуп калды.
--70-80 жылдары маданияттын бардык тармагы болупкөрбөгөндөй дүркүрөп, кыргыздын не деген таланттары жоон топ болуп келишпеди дейсиң. Ал эми азыркы жаштарыбыз заманыбыздын залкарларын кадырлап-кастарлай ала алышабы?
--Эгер ошол жылдагы искусствонун жоон тобу азыр болушканда аларды барктай алган бир дагы жан болбос эле. Эмне себептен деп ойлойсуз?! Себеби аларды кастарлап-баккан, түшүнө алган коом жок. Мен эч качан эсимден кетпейт. Айылга М. Рыскулов, С. Күмүшалиева, С. Жумадылов, Т. Турсунбаева, А. Жанкорозовалар спектакль коюп, анан аягында сөзсүз концерт болор эле, артисттер келишти дегенди угаар замат спектаклге кирүүнүн аракетин көрөт элек. Тооктордун уясын издечүбүз, себеби эки жумуртка берсең эле киргизип жиберчү, артист көрөбүз деп жумуртканы чөнтөктөргө бекитип алып барып, кезекке турган кысылышта бири-бирибизди түртүшүп жатып, кээде жумурткабыз жарылып, спектаклге кирбей калганда ыйлаган бойдон кайра үйгө кайткан күндөрүбүз болгон. Жайкы театрда болуп калса үндөрү угулбаса деле алыстан аткаргандарын көргөнгө кайыл элек, комузчулар келди дегенди уксак, атайы Болуш Мадазимовдорду көргөнү коңшу айылга барат элек. Көрсө бала болсок да, биз маданиятка суусачубуз экен. Бул деген бир калыпка салынып калган мыйзамдын бардыгы, коомдун тартипке салынып калганы. Театрга болгон рухий эңсөөм өчпөйт экен, кийин мамлекеттик катчы болуп турганда да улуттук жана мамлекеттик театрларды аймактарды аралап гастролдогонго шарт түзүп берип, ар бир театрдын директорлоруна иштегенге мүмкүнчүлүк жараттым дейм. 30 жылдан бери айыл-аймактардагы театр дегенди унутуп бараткан эл аябагандай ыраазычылыгын билдиришкен.
--Маданият тармагын жаштарга жеткириш үчүн эмнеден баштоо зарыл?
--Өкмөт маданият тармагына көңүл буруп багыш керек эле, болбосо бул тармак киреше алып келбей турган тармак бүгүнкү күндө. Коомдун аң-сезими көтөрүлүп кала турган болсо, эң чоң киреше топтой турган маданият тармагы болот. Аккордеон кайрыктарынын алптары Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков, Калыйбек Тагаев, Жолдошбек Мамажанов, Абдыманап Төрөбеков, Кудайберген Темиров, Абдыманап Нышанов, Аксуубай Атабаевдин ырларын тээ бала кезде радиодон эки жолу уккан соң жаттап алып талааны жаңырта чөп чабыкта кыйкырып ырдайт элек. Ал эми азырчы?! Тилекке каршы соңку жылдары кыргыз жаштарынын клиптерин, ырларын көрбөйм дагы. Көргөндөн коркосуң, уяласың, арзан, жеңил-желпи нерселер өнөкөткө айланды. Кыргыз менталитетине жарашпаган, жукпаган жосунсуз жоруктары менен коомду болуп көрбөгөндөй куюндай эле капташты. Бир сөзүн кечке кайталаган маанисиз ырларынын бири дагы эсиңде калбайт, анысы аз келгенсип бийлеринин жугуму жок, кыйшаңдаганы-кыйшаңдаган котур болуп калгансып. Баягы суу агып жатат, бирок ичи толо акыр-чикир.
--Азаматтын кадырын өз эли билбейт жат билет дегенге кандай көзкараштасыз?
--Андайлар көп. Факты менен айтайын. Былтыр СССРдин эл артисти, кинорежиссёр Болот Шамшиев агабыздын 75 жылдыгын Ала-Тоо кинотеатрында үй-бүлөсү аракет кылып юбилейин өткөрүштү. Мен ушунчалык ичимден өкүндүм, аябагандай катуу өкүндүм атаңдын көрү дүнүйө ай, аттиң ...аттиң...не деген заман... не деген залкар инсандын 75 жылдыгында жок дегенде маданият министри барып койгон жок же маданият министринин орун басары да барып койгон жок, бул не деген жапайычылык?! Видео аркылуу дүйнөлүк кинематография классиктери Никита Михалков, Андрей Кончаловский, Голливуддун жылдыздары куттуктоолорун жиберип жатат, ал эми кыргыз маданият өкүлчүлүгүнөн бири дагы басып барган жок. Өтө уят маселе! Казакстандын кинематография тармагынан бир аксакал “...биздин дүйнө тааныган залкар президентибиз бар, жерибиздин көлөмү боюнча 9-орунда турабыз, дүйнөдө муңайыбыз боюнча беш өлкөнүн катарына киребиз, газыбыз боюнча дагы эң бай өлкөлөргө киребиз, бирок бир Болотубуз жок деди. Бул деген сөз түшүнгөн адамга ошончо байлыгыбыз туруп бир Бокебизди жарата албадык деген сөз. Ал эми кыргыз өкмөтү бири басып барып куттуктап койгонго арзыбады. Себеп бүгүнкү күндө кыргыз бийлиги болуп көрбөгөндөй арамза, түркөй, караңгы, китеп окубаган, маданияттан алыс, акча менен тамактан башка эчнерсени билбеген өлкө. Ушунчалык көңүлүмдү калтырган окуя Кыргыз ССРнин эл артисти, жападан-жалгыз СССР мамлекеттик сыйлыгынын ээси Бокем, Чыңгыз Айтматов адабиятта канчалык бийиктикке жетсе, кинематография тармагында режиссёр катары Болот Шамшиев азаматын өз эл барктабай, бөтөн эл барктап жатпайбы. Экинчи зээңди кейиткен маселе СССРдин эл артисти Самара Токтакунова кандай гана сыйлык-наамдарды албады дейсиң, филармонияда бул эжекебиздин 70 жылдыгында кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү Ардак грамота тапшырышты. Бул не дегендик .. маскаралагандыкпы же таптапкыр түшүнүгү жок түркөйлөрбү?! Бүгүнкү күндө ачык айта алам, ушул эбегейсиз эмгеги бар таланттар кыргыз эл баатырлыгына татыктуу адамдар. Саясат тармагындагы кишилерге наам берилбеш керек, себеби бүгүнкү күндөгү жетекчилердин баары уурулар, уурулук жол менен келет-кетет, алардын эмнеси баатыр?! Бир гана кыргызымды кармап турган маданият тармагы калды, башка тармагы жок, илим-билим тармагы түшүнүктүү эле, ал өткөн кылымдын башындагы деңгээлге түшүп кетти, бүгүнкү күндөгү залкар академиктер, залкар окумуштуулар жокко эсе, көбү плагиат жолу менен жазып профессор, доктор, академиктер аталгандар. Соңку кыргыздын накта академиктери 80-жылдары чыгып калган. Андан кийинкилердин баары плагиаттар. Кыргыз интеллигенциясы бүгүн жок деп дүйнөгө жар салып кыйкырып айта алам. Эмнеге? Өзүм далилдеп берейин, соңку 20 жыл ичиндеги кыргыз мамлекетинде будуң-чаң, андан башка эч нерсе жок. Бир интеллигенттин үнү чыгып койгон жок ишенимге доо кетип жаткан маселеде, бир көзгө басар тарыхыбызды көрсөтүп тура турган Тарых музейинин керемет баштапкы муун салып кеткен мыкты имаратын бузуп, анын ичиндеги кымбат баалуу таштарды убактылуу арзан таштарга алмаштырып койгон учурда бир үн каткан интеллигенция болдубу, ошол интеллигенциябы, улуттук академиясы үн ката албаса, кыргыз сүрөтчүлөрү, жазуучулары, композиторлору, театр жана кино тармактагылар кошулуп үн ката албаса ошол дагы коомбу, ушундай интеллигенциянын барынан жогу дээр элем. Кайран кыргыздын шоруна бүткөн бүгүнкү күндөгү басып жүргөн академиктер, докторлор, профессорлор. Жогору жактагыларга бир сөз даап барып айта алышпайт, себеби алардын баары темирдин кулу, медал- наам ала койсок экен деген наамдын кулдары. Алар адамзаттын маданиятынын бийиктик түшүнүктөрдүн кулу эмес, алар бир томолок болгон темирдин кулдары, ачык-айкын жар салып айтамын. Мен ушуну айтсам эртең Кудай буюрса 70ке чыкканымда темир такпай коёт. Ал эми башкалар эртең 60ка чыксам темир алып каламбы деген үмүт менен жашаган темирдин кулдары. Алардын бүгүнкү күндө эли-жерибиз үчүн эчкандай пайдасы жок. Алар ашыкча акча алып жаткан зыяндан башка пайдасы жок, үн катмак түгүл, өз көлөкөсүнөн коркуп жашаган акчанын, наамдын, өз кекиртегинин кулдары. Бардык жактан тегиз аксап жатабыз, себеп коом бузулардан баштап биринчи кезекте пейил бузулат. Биз көралбастык, ичи тардык, атаандашуу, акылы жеткени дагы, жетпегени дагы айтышып талашып-тартышуу менен жашоо кечирип келебиз. Бүгүнкү күндө адамдын акыл-эси эмес чөнтөгү таразага түшүп калды. Сыртта жүргөндө жазган “Баары аралашкан” деген макалам бар эле, адамдын оюн эмес короодогу коюн, акылын эмес ак үйдөгү жакынын эсепке алып барып салам айтып калдык, кара кылды как жарган калыс карыяң жок, бүгүнкү күндө кыргыздын жалпы орток аксакалы жок же болбосо айтса сөзү жарашкан айткан сөзүн уга билген эң керектүүсүн айткан сөзүн түшүнө билген эл-журт жок заман. Эгерде атка артылган куржундун эки көзү тең болбосо түшүп калат. Эки жагынын көзү тең кылып бир жак көзү эл болсо экинчи жагы бийлик (интеллигенция) болот. Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй дегендей, бүгүнкү күндө кыргыз өңү базаркомдун өңүндөй бүт баары сатылат, алынат, баарын сатып алсаң болот. Сиз жогоруда атап өткөн коомдо суу кайсы арыктан агат, бүтүндөй бардык нерсе булганган. Коомдо жарк этип чыккан залкарлар тарбияланбайт залкарды коом тарбиялайт. Азыркы жаштарга жеткирүү үчүн мамлекет катуу көзөмөлгө алып, тарбияны бала-бакчадан баштоо керек. Китепке ынтызарлыкты көөдөнүнө сиңиртүү керек, китеп окуу маданиятын эненин сүтү менен бериш керек деп ойлойм.
Динара Асылбекова, NazarNews.kg