www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам баласы (аял, эркек) каза тапканда үчүлүк, жетилик, кыркылык, жылдык өткөрүүнүн жана аш берүүнүн негизги маани-маңызы.

Үчүлүктү (3 күндүк) өткөрүүнүн негизги мааниси:

Кыргыздар илгертен жаратылыш менен гармонияда жашап жана Наркы Дүйнө, Берки Дүйнө аралыгын эсептеп, бузулган элдерди тарбиялоо үчүн келе турган Диндерге чейин эле «Бейиш, Тозок» деп аталуучу Жайдын түпкү Өзөгүн, Жазалоочу жана Сыйлоочу Миссиясын толук өздөштүрүп, ошого жараша Бул Дүйнөдө жаман Ойдон, жаман Сөздөн, жаман Иштен алыс болуп, өз улутунун таза сакталып калуусу үчүн бузуктуктан жана наадандыктан, уятсыздыктан алыс болушкан...

Кыргыздар Үчүлүк Зыйнатын өткөрүүдө 2 маселеге токтолушкан:

1.Өлгөн кишинин Наркы Дүйнөдөгү Жаны кыйналып калбасшы үчүн «Суракка» чейин кетирген кемчилик кунөөсү болсо Жараткан улуу Кудайдан чогулуп кечирим суроо аркылуу Анын – улуу Кудайдын Мээримине жетишүүгө аракет кылуу

2.Өлгөн кишинин - Маркумдун жакындарына кайрат айтуу, бел болуу, Аза-кайгысын тең бөлүшүү аркылуу аларды жубатуу менен терең адамкерчилик сапатты көрсөтүү, жамандык сыноодо жалгыз калтырбоо, көзү өткөндү биргеликте жоктоо.

Жетиликти (7 күндүк) өткөрүүнүн мааани-маңызы:

Бул Дүйнөдөн өткөн кишинин (аял-эркек) Жаны (Арбагы) Бул Дүйнөлүк түшүнүктөн ажырап, Наркы Дүйнөлүк «кулда кулак жок» дегендей өзгөчө тартипке көнүп, бул Дүйнөлүк, «отун алам, суу алам» деген түйшүктөн, ушак-айың-интригадан, мактануу менен сыймыктануу, алдоо, калп айтуу ж.б.у.с. сапаттардан ажырап, бирок, Наркы Дүйнөнүн тартиптерине толук кире албай, ишене албай жаны кыйналып турган маалда анын жакындары жана Жетиликти өткөрүүгө келгендер анын Жаны кыйналып калбашы үчүн чогулуп Жараткан Кудайдан кечирим сурашат.

Экинчиден, Үчүлүктөгүдөй эле маркумдун туугандарына кайрат-бел болушуп, «тирүүнүкү сый, өлгөндүкү ый» дегендей аны жоктошуп, эскеришип, өлгөн кишинин Жаны кыйнала бербей Наркы Дүйнөнүн тартиптерине тез көнүүсүнө билип, билбей туруп көмөктөшүшөт.

Кыркылыкты (40 күндүк) өткөрүүнүн мааниси:

Бул Дүйнөдөн көзү өткөн Кишинин (аял-эркек) Жаны-Арбагы 40 күнгө чейин Наркы Дүйнөгө толук өтпөй Эки Дүйнөнүн ортосунда учуп жүргөндүгүнө жана Тазалоочу, Жазалоочу, Сыйлоочу Жайдын эшигине кире электигине байланыштуу анын Жаны кыйналып калбашы үчүн Кыркылыгы өткөрүлөт да, маркумду эскергендер «анын кетирген кемчилик күнөөлөрү болсо Жараткан Кудай кечирип койсо экен?» деп чогулуп тилек кылып суранышат.

Себеби, 40 күн өтүп маркумдун Жаны-Арбагы Наркы Дүйнөдөгү Тазалоочу, Жазалоочу, Сыйлоочу Жайга кирип кеткенден кийин анын кетирген күнөөлөрүн сурануу Бул дүйнөдө, «соттолуп аткан адамдын күнөөсүн кечир» деп сурагандай куру кеп болуп калат.

Ошондуктан «сотко» жеткенге-40 күнгө чейин жана Кыркылыгын өткөруп жатканда Жараткан Кудайдан суранып калуу оң натыйжа берет.

Экинчиден, маркумдун туугандары 40 күнгө чейин баш-аяктарын жыйып, дос-душманды ажырата билип, өлүм Сыноосунда-Жамандыкта ким кандай мамиле жасагандыгына баа берип, Кыркылыкка келген адамдардын кубат-бел болуусу, кайрат айтуусу, колдоосу аркылуу кубаттанып, андан аркы жашоо-тагдырды пландаштыра башташат.

Үчүлүктү, Жетиликти, Кыркылыкты өткөрбөй, Маркумдун кетирген кемчилик кунөөсүн Жараткан Кудайдан суранбай кою бул – жаңы төрөлүп, кырк күн боло элек, Эки Дүйнөнүн ортосунда турган наристени талаага ачка ташап койгондой кеп болуп саналат да, Маркумдун Жаны-Арбагы жардамсыз калып, Тазалоочу, Жазалоочу же Сыйлоочу Жайга-Суракка «адвокатсыз» түшкөн күнөөкөр Жандай жардамсыз абалда калат!

Жылдыкты өткөрүүнүн мааниси:

Маркумдун көзү өткөнүнө бир жыл болгондо анын жакындары (туугандары, бала-чакасы, аялы же күйөөсү же ата-энеси ж.б. жакындары) Жылдыгын өткөрүшөт.

Жылдыкты өткөрүүдө анын жакындары, достору, жолдоштору, аны таанып, билгендер Маркумдун жакшы жактарын үлгү кылып айтуу аркылуу аларды угуп турган башкаларга, жаштарга өзүлөрү билип, билбей тарбиялык мааниде жол көрсөтүшүп, өлүм баары бир ар бир адамга келе турганын, ошондуктан жакшы жашоо керектигин сездиришет жана өздөрү дагы сезишет.

Жылдыкка келгендер Маркумдун кетирген күнөөсү болсо кечирүүнү, артында калгандарга жакшылык берүүнү, элге тынчтык берүүнү тилешет да маркумду эскерүү аркылуу Жараткан Кудайдын кереметин сезип, туюшат.

Жылдыкта маркумдун жакындары келгендердин кайрат айтып, Маркумду эскерүүлөрүнө кубанышып, кыйындыкта – Жамандыкта кубат, бел болгон адамдарга ыраазы болушуп, өзүлөрү дагы башкалар Жамандык Сыноодо (өлүм) кыйналганда бел болүу керектигин туюп-сезишет да андан аркы жашоо-тагдырга карай жол ачышат.

Маркумга аш берүү:

Дүйнөдөн өтүп кеткен Киши баласынын (аял-эркек) анын жакындарынын (бала-чакасынын ж.б.) маркумду эскерүү үчүн өткөрө турган Зыйнатынын акыркысы болуп эсептелет.

Ашты, аш өткөрө турган байлыгы бар, социалдык жактан кыйналбай турган адамдар өткөрүшөт да Аш берүу аркылу дос-душмандарын аныктап, иликтеп такташып, куда-сөөктөрүнун ж.б. урук-туугандарынын, дос-жолдошторунун, тааныш-билиштеринин башын кошуу аркылуу маркумду эскеришип, анын кетирген кемчилик күнөөлөрүн Жараткан Кудайдан суранышып, бир баш болуп, өз ара сүйлөшүү, баш кошуу аркылуу кеңешип, келечек пландарды аныкташат жана кимге кандай мамиле жасоо керектигин аныктап тактап алышат.

Үн чыгаруунун (өкүрүү) мааниси:

Кыргызда байыртадан киши баласы (аял-эркек) каза тапканда аны жоктоп, Аза күтүүнүн бир бутагы - Үн чыгаруу (өкүрүү) болуп эсептелет.

Маркумга үн чыгаруу аркылуу анын Бул Дүйнөдө кандай жашап өткөнү билинет.

Киши канча көп келсе анын элге жасаган эмгеги, тарбиялаган бала-чакасынын эмгеги элге даана көрүнүп, ал Киши (Маркум) өзүнүн өлүмү аркылуу үлгү көрсөтүп элге эмгек сиңирүүнү баасы жана баркы канча экендигин далилдейт.

Эмгеги аз, үй-бүлөсу начар тарбияланган Киши өлгөндө жарытып киши келбей Үн чыгарган (өкүргөн) киши аз болот да мунун дагы тарбиялык мааниси зор болуп, тирүүлөрдү эмгекчиликке, элге кызмат кылууга, жакешы өмүр сүрүүгө үндөйт.

Үн чыгаруу (өкүрүү) келгендер үчүн символикалык мааниге ээ болуп, «Маркумга өкүрө турган эркек балдары барбы же тукумсуз шордуубу? Туугандары барбы, булар кандай адамдар?» деген суроого жооп берет.

Үн чыгарганда «кой!» десе болбой, кечке бакырып, кыйкыра берген, күйүмүш болуп боздоп, сыздай берген жалпы кыргызга жакпайт жана мүнөздүү эмес, өкүргөн киши «кой, тартып ыйла!”» дегенде токтоп, башкаларды да эске алып жөн болуусу керек!

Кошок кошуунун негизги мааниси:

Маркум каза тапканда, «анын кыздары барбы же жокпу? Болсо ал кантип кошок кошот, аял затындагы жакындары кантип кошок кошот?» деген маселе маркум менен коштошууга келген адамдардын кулагын кызытып, ден боюн ысытып, муздатып турат.

Себеби, кошок арыклуу Маркумдун жакындары анын жакшы жактарын улгү кылып айтуу менен жамакчылары көркөмдөп, кээде анын кас-душмандарынын дагы былыгын ачып, жалпы элге жамандык мене жакшылыктын эриш-аркак жүрүшүн, адам баласы акыры ушинтип өлө тургандыгын, ошондуктан Бул Дүйнөдө талашып-тартышпай жакшы жашап өтүу керектигин айгинелейт.

Кошок кошууда жөн эле бышактап, боздоп-сыздап ыйлап отуруу эсепке кирбейт. Анда кошок кошуу аркылуу жалпы элге Аза кайгысын чачыратып, угуп турган аял-эркектин көздөрүнөн жаш агызып, бул Дүйнодөгү өмүр-жашоонун туруксуздугун, Эки Дүйнөлүк жашоону чагылдыруу негизи нерсе болуп эсептелет.

Кошок кошкон аялдар дагы маалы келгенде «кой, тартып ыйла, болду!» дегенде болбой эле ыйлай бербей, токтоп калгандары Зыйнатты сыйлоо болуп саналат.

Эли бузулуп жок болууга аз калганда Мухаммед САВ аркылу келген ислам дини арабдарды бузуктуктан алып чыкканы менен кыргыз-казак өңдүу бузулбаган, каада-салт, үрп-адатттын эреже, жол-жоболору менен жашаган элдерге баскынчылык жана миссионердик (даваатчылык) жол менен келип, 10-класстын окуучусуна 1-класстын прграммасын таңуулагандай жорук болуп, Жараткан Кудайдын жолунда жүргөн, Жаратылыш менен шайкеш жашаган, Наркы Дүйнө, Берки Дүйнө табышмак-сырларын аңдап, билген элдерди адаштырып, бузулган элдердин тартибине салууга, улуттук касиетти жок кылып арабдашууга, ошол аркылуу каада-салттан, тилден ажыратып башка элдерге кул, күң кылуу аркылуу ассимилияция кылууга жол ачууда...

Абдымамбет Сариев, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости