www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АДАШКАН АЖАЛ:

Бу, адам маңдайын эмне жазса, ошону көрөт деген чын тура. Болбосо, мына бу биздин бет маңдайыбызда жашаган кошуна чалды былтыр эле доктурдан «өлөт» деп чыгарып ташташкан. Эми карабайсыңарбы, али күнчө куштай болуп, эшик алдына коюлган скамейкасында эртеден - кечке отурганы отурган.

Мына бүгүн да ага чамалаш абышка келип, экөө бир топко кобурашып отурушту. Мен короодо майда - чүйдө жумуштарды жасап, аларга жакын эле жерде жүрдүм. Эки чал бири - бирине кыйкырып (кулактары жакшы укпай калган да) сүйлөп жаткандарынан улам алардын сөздөрүнүн баарын кадимкидей уктум.

- Ажал сени уулуң менен алмаштырып алганы чынбы? - деп сурады өйдө жактан келген чал.

Биздин кошуна бир күрсүнүп алып:

- Чын. Деги ажалга айла жок экен. Менин өзүмдү эле алып кетсе жакшы болмок. Кантейин, адамдын эркине койбойт тура... - деп таягына жөлөндү.

- Уулуң да арак ичип, наша тартып, жаман жолго түшүп, силерге тынчтык бербей койбодубу... - деди берки абышка ага боору ооруй.

- Ошол арактын айынан болду окшойт. Айланасындагы достору да андан беш бетер ичкич немелер экен. Кийинки күндөрү биздин үйүбүздү бозоканага айлантып алышты биротоло.

Анан бир күнү төрт - беш өзүндөй достору менен келишти түн ичинде. Буттарына тура алышпайт. «Ушул жерге эле жатып алгыла», - деп уулум аларга шадыраңдап жатат. Мобу кичинекей эки көмүткө толуп жатышты. Байбичем батпай калып, тиги, бир үйдөн нарыда жашаган сиңдисиникине (колу менен көрсөттү) кетти. Мен болсо, ордумдан жыла албайм да, жаткан керебетимде жаттым да калдым.

Дагы арактан ичишти окшойт, бир маалда уулум менин жаныма теңселип келип, «мен мына бул жерге эле жатып алам» деп мени ары карай түрттү. Менде кайдагы ал - күч, камгактай болуп керебеттен ары сыдырылып түшүп калдым. Уулум менин ордума жатаар замат коңурук тартып уктап кетти.

Мен эптеп жылып отуруп, керебеттин алдына сойлоп барып жатып калдым. Ошол эле жерден түш дейин десем, ойгоо жатам, башка эмес өзүм ишенбейм, айтор бир башкача өңүм дейин десем, элестер көз алдыма кинодой тартылып өттү. Менин эбак өтүп кеткен эне-аталарым, туугандарым бир дасторкондо отурушуптур. Бир нерсе ичип-жеп, жатканын деле байкаган жокмун. Болгону, ылдыйыраак жагында бир орун бош турганын даана көрдүм. «Бул жерге ким отурат?» деп сурады бирөөсү жанындагылардан.

«Азыр аны алып келгени кетти» деп менин атымды атады экинчиси. Ушул маалда бөлмөнүн эшиги ачылдыбы, ачылбадыбы... көк түстөгү шоола түшүп, артынан жылаңаяк бут көрүндү. Мен керебеттин алдында болгондуктан, бутун гана көрүп жаттым.

Аялдыкындай ичке, кичинекей буттар экен. Алгач, байбичем келип калса керек кайра деп кубанып, обдулуп барып токтодум. Тиги «аял» түз эле келип керебетте жаткан уулума эңкейгендей болду. Ушул маалда уулум какап - чакап, анан киркилдеп барып тыбырчылай түштү да, бир аздан соң тыптынч жатып калды. Керебеттин тору ылдый чоюлуп, менин мурдумду, бетимди жалпайтып басып калды...

Ошентип эсиме бирде келип, бирде кетип жатып таң атырдым. Таң супа салып калганда каалгалар кыйчылдап, кемпиримдин келгенин кулагым угуп жатты. Мен жаткан бөлмөгө кирип эле бакырып жиберди. Кошуна - колоңдорду чакырып, дүпүрөп калышты. Алар келип мени керебеттин алдынан алып чыгып, «тез жардам» чакыртышты.

Көрсө, уулум ошол түнү жан таслим болуптур. Врачтар алып кетишкен. «Өзүнүн кусундусуна какап өлдү» деген диагноз коюшуптур. А уулум менен чогуу келип биздин үйдө түнөшкөн аракеч достору ошондо эле качып - качып кетишкен. Мына, андан бери беш-алты жылдай мезгил өтүп кетти. Мени дал ошол: маалда эки - үч күнгө жетпейт дешкен...

Менин али жашап жүргөнүмө караганда, тиги дүйнөдөгү туугандарым мага даярдаган орунга менин уулумду: алып барып отургузуп коюшту окшойт. Мага али орун жок го...

Болбосо, менин абалым өтө оор эле. Кудайым мени эле алып кетсе не деп кээде кейип кетем. Уулум али жаш эле. Балким, кийин арагын коюп, жакшы киши болот беле дейм...

- Кой, антип Кудайга акараат келтирбе. Кимди алып, кимди коерун бир Жараткан өзү билет да, -  деп берки чал кетүүгө кам урду. А биздин кошуна ошол бойдон тунжурап отуруп калды.

Мен дагы короодогу иштеримди бүтүрүп, үйгө кирип кеттим.

Булак: Майдан.kg

Последние новости