www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги кыргыз саясатында орду бар активист Адил Турдукулов менен баарлашты.

-Адил, атсаңыз Атамбаевдин президент Сооронбай Жээнбеков боюнча айткан сыны жөндүү эле болдубу же аша чаап кеттиби?

-Азыркы каталарды мурунку бийликке оодарып, же өтүп кеткен президенти мокочо кылып көрсөтүү адатынан арылышыбыз керек. Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдин убагында терс жан оң иштер болуп кеткен. Ал убакта болгон иштерге ошол убакта болгон президенттер гана эмес, аларды коштоп, шыкактап жүргөндөр да жоопкер. Керек болсо аларды да бийлике алып келген жалпы эл да жоопкер.

урунку да, азыркы да президент өз чындыгын айта башташты. Кимисинин жообуна көбүрөөк ынанып жатасыз?

-Атамбаев саясый күрөштү токтотпой, өзүнө ар кайсы күчтөрдү тартып, жасаган каталарын да моюнга алып, мурунку каршылаштырына чейин кол сунуп иштеп жатканы туура эле көрүнүш. Анткени, мындай курч саясый процесстер азыркы бийликтин авторитаризмге ыктап, үй-бүлөлүк башкарууга өткөнгө жол бербей, үчүнчү революциядан алыстатат. Ушундай жагдайда абалды турукташтырыш үчүн үчүнчү тараптын пайда болушуна коом да, мамлекет да дилгир деп ойлойм. Ушул үчүнчү тарап элдик курултай болобу деген үмүт бар. Бирок ачык эле айтыш керек, ошол курултайды  деле бул же тигил тарапка тарткан күчтөр бар экен.

-Илмияновдун камалышы шайлоо кассасын сууруп чыктыбы?

-Менин оюмча бул маалымат Форумдан чыкты. Аны Илмияновго чапташып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости