www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Равшан Жээнбеков жумушсуздук жана аны жоюунун жолдоруна  токтолду.

Өлкөдө реалдуу жумушсуздук, менимче 50% пайызды түзөт. Официалдуусу 7%.

Акыркы 25 жылдык иликтөөлөрдү карасак, жумушсуздук негизги 3 улуттук проблеманын бири. Калган экөөсү, экономикалык өнүгүү жана үй бүлөлүк каражат тартыштыгы.

Жумушсуздук проблемасы көптөгөн нерселерге байланыштуу.  Жумуш орундарын негизинен  ишкерлик жана инвестициялык климат түзөт.

Ал эми ишкерлик менен инвестициялык климатты түзүү дагы көп нерселерге көз каранды болот.  Бири жеке менчикти жана ишкердин келишимдик укугун коргоо. А булл нерсе  сот системасына байланыштуу болот.

Айтайын дегеним, эгерде соттор  чечимди аукцион аркылуу кабыл алса, коррупциялашкан, бийлике көз каранды болсо, акты кара, караны ак десе ал өлкөдө ишкерлик дагы, инвестициялык климат дагы болбойт!

Инвестициялык климат жана ишкерлик жок жерде жумушчу оруну дагы болбойт. 50% жумушсуздук кала берет.

Жумушсуздук маселесин чечүү сот реформасынан башталат.

Же башталбайт!

Сто реформасын 2023 - жылга чейин күтүү туура эмес! Начало формы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости