www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күйөөм мен үчүн түрмөгө түшүп калды..

Окурманыбыз өзүнүн арыз-муңун бөлүшүп биздин [email protected] электрондук дарегибизге кат жолдогон. Каарманыбыздын жашоодогу көйгөйүн сиздерге бөлүшмөкчүбүз.

Кеңеш сурап сиздерге кайрылып калаарымды эч ойлогон эмесмин. Бирок учурда кимдир бирөөнүн кеңеш берүүсүнө муктажмын. Балам менен көчөдө калмай болдум. Кайын журтум мурдунан алысты көрө албаган көр адамдар экенин башыма мүшкүл иш түшкөндө билип жатам.

Жакында жашообузду мурун жана кийин деп бөлүп койгон окуя болуп өттү. Биз жолдошум экөөбүз ресторанда  олтурсак мага жолдошумдун көзүнчө бир байке тийише берди. Жолдошум да кызып калган эле. Бир маалда жолдошум мага тийишкен адамга барып башына жеп жаткан салаттын куюп салды. Ал байке да жөн байке эместиги кийген кийиминен жана сырткы келбетинен байкалып турду. Ичкиликтин айынан экөө мушташа кетти. Ресторандагы тейлөөчү балдар мушташып жаткан экөөбүн ажыратууга аракет кылып болгон аракеттерин жумшап жатса, менин байкашымча күйөөм алардын бирин тарелканын сыныгы менен колдоруна сайып жиберди. Анан эле кайдан жайдан милиция кызматкерлери пайда боло калды.

Жолдошумду, чыр чыгарган байкени салып кетишти. Колуна тарелканын сыныгы сайылган баланы оруканага жеткиришти. Тиги байке ошол замат милиция бөлүмүнөн боштондукка чыкты. Менин күйөөм болсо 2 айга камалып кетти. Жалдырап “доом жок” деп тосмо арыз жазып берчи деп тейлөөчү балага жалбарып, болгон акчаларыбызды берип, тиги байкеден кечирим сурап жүрсөм күйөөм мага мындан кийин ишенбесин айтып күйбөгөн жеримди күл кылды.

Убактылуу ачууга алдырып,  депрессия болуп жатат го деген ойдо мен да ал тарапка бир басып барган жокмун. Болуп өткөн окуяларга кайын журтум мени күнөөлөп, “үйдө эле балаңды кучактап отура берсең мынча акча кетип, балабыз камалбайт эле. Сен шуркуянын айынан ушул балээни башыбызга алып келдиң. Чыгып кет үйдөн!”-деген сөздөрү кулагыма жаңырып турат. Мен болсо алардын акчасын асманга чачкан жокмун да. Алардын баласы аман-эсен чыгып келсин деп керектүү адамдарга бергем. Менин жакшылыгымды билбеген адамдарга кор болуп калгым келген жок.  Баламды алып “демимди басып” келүү үчүн курбумдун үйүнө келип алдым.

Бирок төркүнүмө баламды көтөрүп алып, куулган келин болуп, башты жерге салып баргандан намыстанып жатам. Болбогон бир окуя үчүн үй-бүлөмдү жоготуп алам деп ойлогон эмесмин. Кандай жол тандасам өкүнбөйм.. Кеңеш бериңиздерчи..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости