www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент  Алмазбек Атамбаевди  басма сөз эркиндигин  муунтуп  жатат  деп сын таккандар  айтышууда.  Сиз кошуласызбы?

 

Сөз эркиндиги - демократиянын башкы атрибуту. Ансыз демократиялык саясый система өз функциясын аткара албайт. Тилекке каршы сөз эркиндиги кээ бир демократтык коомдо да абсолютту болбойт. Сөз эркиндигин эки тараптуу карасак болот. Ал абсолюттук чындыктын айтылышы, анан ушак-айың, калп нерселерди чындыктай кылып бурмалоо.  Жалпылап алсак, басма сөз эркиндигин массалык маалымат каражаттарынын көз карандылыгы эмес, өлкөдө жарандарга түрдүү маалыматтарды эркин алуу укугу менен пайдаланууга мүмкүндүк берген, көп сандаган түрдүү багыттагы басма, радио-теле компанияларынын болушу камсыз кылат. 

Өз алдынча алынган маалымат каражаттарын толугу менен эркин деп эсептөөгө болбойт. Өлкөбүздөгү  "сөз эркиндиги" тууралуу айтсам ооба, бизде бул эркиндик бар. Бирок, ошол эркиндикти колдонуу ыкмасы, багыты башкача өңүттө ишке ашып жатат. Аша чаап кетмей, калп-чыны аралашып аягы сөздүн баркы кете баштады. "Эркиндике" шылтап улууга урмат, кичүүбүзгө ызат дегенди унутуп баратабыз. Ага улай айтылган сөздөргө жоопкерчилик да ымалашбай баратат. Мамлектте сөз эркиндиги да, туруктуулук, да ынтымак жана мыйзамдуулук да болушу керек. Анан албетте, сөзсүз ТАРТИП болуш керек. Ошондо сен сөзүңдүн гана эмес, өзүңдүн да укугуңду коргой алчу мамлекеттин түзүлүшүнө салым кошкон болосуң.

Учурдан пайдаланып айтып койгум келет, кайсыл бир күчтөр, топтор Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргомуш этип, "башкалардын оюн, пландарын" коргоп, аны ишке ашырып жатышат.

Баяна Кулова, "Жаңы ОРДО"

Последние новости