www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Саламатсызбы Садыр Нургожоевич, Кыргызстанга кош келипсиз. Тилекке каршы, Сизди ал жактан ийгиликтүү эч ким тосуп албайт. Чек арада миңден ашуун укук коргоо органдары жана Сиздин тарапташтар күтүп турат. Бизге жеткен маалыматтарга караганда Сизди камашат. Сизде эч кандай коркунуч жокпу?

-Мен буга чейин дагы ММКлардан мени бийлик камай тургандыгын айтып келгенмин. Эми калганын көрө жатарбыз. Бирок менин Кыргызстанга кирип барганга кадам айтпаса да түшүнүктүү. Коркуу сезими жок. Анткени мен чоң кылмышкер эмесмин. Мен таң каламын, анча укук коргоо органдарын жыйнап, аларды убара кылып кереги деле жок болчу. Дүйнөгө белгилүү чоң кылмышкер Батукаевди качырган бул бийликке сөз деле жок. Алардан баарын күтсө болот.

-Батукаевди коё туруңуз, азыр Сиз камаласыз, ошого токтолсоңуз?

-Ооба аны жүрөгүм деле сезип турат. Бирок мен мени кармап кетпесе деле УКМК өзүм бармакмын. Мыйзам чегинде жооп бермекмин.

-Сиздин үй-бүлөөңүз күтүп турат, карыган ата-энеңиз бар дегендей?...

-...Жакшылыктар боло берсин, кыргыз эли, биздин үй-бүлөө...

-“Эки дөө кагышса ортосунда кара чымын өлөт” дегендей, бүгүнкү күндүн эртеңи чоң чууга алып барбайбы?

-Мен тарапташтарымдын баарына, “эч кандай укук коргоо органдары менен келишпестикке барбагыла, алар буйрукту гана аткарып жатышат”, деп эскерттим.

-Камалышыңызды билип туруп Кыргызстанга келдиңиз, “баатырдык” сезимби же чет өлкөдөн тажадыңызбы?

-Кыргызстан менин өлкөм менин жерим. “Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн” дейт кыргызда. "Келем" деп расмий айтканмын мына келдим. Менин жүрөгүм кыргыз деп согот. Атамбаевби же башкабы эч кимди душман деп эсептебейм. Бул нерсени саясат деп коет. Саясатта артка чегинүү жок. Бүгүн жеңиштин башында тургандар эртең жеңилет. Эртең жеңилбесе бир күнү баары-бир жеңилет.

-Мүмкүн артка кайтарсыз, анткени эл арасында Сизди камалат деп айтып жатышат?

-Жок, кайтпайм.

-Рахмат.

Садыр Жапаров менен кыскача маек Казакстандын чек арасынан алынды;

Булак: NazarNews.kg

Последние новости