www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент  Алмазбек Атамбаевди  басма сөз эркиндигин  муунтуп  жатат  деп сын таккандар  айтышууда.  Сиз кошуласызбы?

 Сөз эркиндиги муунтулуп жатат деп деле эсептебейм. «Сөз эркиндиги муунтулуп жатат эч ким эч нерсени сүйлөй албай калды»-деп кыйкырып жаткандардын баардыгы эптеп эле бийлик кулап кетсе анан бийликке барып бир креслону кучактап олтуруп калсам деген курулай популисттер. Мен эч качан Атамбаевге жан тартып сүйлөбөйм. Муну менен деле Атамбаевди колдоюн деген ниетим жок. Бирок,  ошол бийликке келгиси келип же кичине башына иш түшсө эле бакырып чыга калгандар   атайын Кыргызстанды кандай жол менен гүлдөтүп жиберүүчү  платформасын алып чыгып элге тааныштырышса анан ошого бийлик  каршы болуп камап салса анда айтса жарашат эле.

Курулай кыйкыргандардын бийликтеги жасаган иштерин көрүп жатпайлыбы. Мисалы Алмазбек Атамбаев  «мен болду,  бийликтен кетем»-деп жатат. Бул деле жакшы нерсе. Себеби жаңы Конституция боюнча ал өзүнө ылайыктап туруп бийликте деле кала берсе ким эмне кылып алмак. Эч ким эч нерсе кыла албайт. Ошондуктан  баарын эле Атамбаевден көрө бербей  ким бийликке келгиси келсе, мамлекетти өнүктүрүүнүн жолун издеп программалары менен алектенсин. Мындай сөз эркиндигине кысым деп айтылган сөздөр баардык  бийликтин тушунда айтылып келген, айтыла берет.

Баяна Кулова, "Жаңы ОРДО"

Последние новости