www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун тарапташтары митинге чыкты. Маалым болгондой, миңден ашуун киши УКМКнын алдына чогулушту. Алар  Жапаровго эркиндик, бошоткула деген максат менен чыгышкан.  Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 227-берене (барымтага алуу), 113-берене (өлтүрөм деп коркутуу), 341-берене (бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу), 234-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

«2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында болгон митинг учурунда нааразычылык акциясынын катышуучулары облустук мамлекеттик администрациянын имаратынын алдында токтоп турган «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү автоунаага мурунку Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди күч менен салып, барымтага алышкан. Тергөө учурундагы күбөлөрдүн айтымында, С.Жапаров аталган митингди уюштуруп, телефон аркылуу Э.Каптагаевди бошотпой, мурдагы макулдашылган планды ишке ашырмайынча кармап турууну буйрук кылган», -деп айтылат маалыматта.

Ал эми, Э.Каптагаевди күч менен салган автоунаа С.Жапаровдун тууганы Б.Куланбаевге тиешелүү болгон. Учурда ал Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалып, аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда. Азыркы тапта С.Жапаров УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалды. Үч жыл мурда чет өлкөгө чыгып кеткен оппозициялык саясатчы С.Жапаров 25-март күнү өлкөгө кайтып келерин айткан.

Булак: nazarnews.kg

Последние новости