www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын санарип технология чөйрөсүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу санарип технология чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Бүгүн биз Кыргыз Республикасында биринчи жолу санарип технология чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнүн белгилеп жатабыз жана сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.

Бул майрамдын негизделиши санарип тармагынын стратегиялык ролун жана өлкөнү модернизациялоого кошкон салымыңыздарды мамлекеттик деңгээлде баалоо болуп саналат. Акыркы жылдары Кыргызстан жаңы доордун – технотрондук коомдун кыймылдаткыч күчү болгон санариптик трансформацияга карай ишенимдүү кадамдарды жасады. Мамлекеттик маалыматтык системалар ишке киргизилди, электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр өнүгүүдө, ведомстволор аралык санариптик өз ара аракеттенүү бекемделүүдө, мамлекетти кыйла натыйжалуу жана жарандар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү ыңгайлуу кылган шарттар түзүлүүдө.

Бул натыйжалардын баарынын аркасында сиздердин кесипкөйлүк турат.

Мамлекеттик сектордо иштеген адистерге өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Сиздер мамлекеттин санариптик инфраструктурасын түзүп, иштешин камсыздайсыздар, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатып, маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана санариптик платформалардын туруктуулугун камсыздайсыздар.

Жеке IT-секторунун өкүлдөрүнүн салымы да маанилүү. Сиздердеги ишкердик дем, инновациялык ой жүгүртүү жана эл аралык рынокко чыгуу аркылуу Кыргызстандын инновациялык экономикасы калыптанууда. Сиздер ата мекендик адистер дүйнөлүк деңгээлдеги продукцияны жаратууга жөндөмдүү экенин бир нече жолу далилдедиңиздер.

Өлкөнүн бүгүн санариптик индустриясынын келечегин калыптандырууда түзүп жаткан жаш муундагы иштеп чыгуучулар, инженерлер жана изилдөөчүлөр өзгөчө сыймыктанууну жаратат. Сиздердин билим, энергия жана өнүгүүгө болгон умтулуу мамлекеттин маанилүү ресурсу болуп саналат.

Санариптик технологиялар бүгүнкү күндө – экономиканын бир гана тармагы эмес. Бул мамлекеттин натыйжалуулугунун негизи, улуттук атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн фактору жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатуунун маанилүү куралы болуп саналат.

Ошондуктан мамлекет санариптик демилгелерди, инновацияларды, IT-ишкердикти өнүктүрүүгө жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого ырааттуу колдоо көрсөтөт.

Урматтуу санариптик тармактын кызматкерлери!

Сиздердин ишиңиздер жогорку жоопкерчиликти, тынымсыз өнүгүүнү жана алдыга озуп иштөө даярдыгын талап кылат. Сиздер жөн гана технологияны ишке киргизип жаткан жоксуздар – сиздер өлкө үчүн башкаруунун жаңы маданиятын, жаңы экономиканы жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатасыздар.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан санариптик технологиялар чөйрөсүнүн бардык кызматкерлерине – программисттерге, системалык администраторлорго, инженерлерге, аналитиктерге, санариптик чечимдердин архитекторлоруна, долбоорлордун жетекчилерине жана бүт өмүрүн технологияны өнүктүрүүгө арнаган бардык адамдарга ыраазычылык билдирем.

Сиздерге топ жарган идеяларды, алга сүрүп чыккан чечимдерди, кесипкөй өнүгүүнү, ишенимдүү командаларды жана жаңы жетишкендиктерди каалайм. Долбооруңуздар ийгиликтүү болуп, чыгарган чечимдериңиздер талапка ылайык, ал эми эмгегиңиздер ар дайым татыктуу баалансын.

Майрамыңыздар менен!

Кыргыз Республикасынын санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!”.

Последние новости