www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибан Ооганстандын 65 пайызын көзөмөлдөөдө

Евро Биримдиктин эсеби боюнча, Талибан Ооганстандын 65 пайызын көзөмөлдөөдө. Бадахшанда дагы салгылашта аскерлер артка чегинишкен. Бул тууралуу Рейтер агенттигине облустук өкмөттүн өкүлү Жавад Мужахиди билдирген.

Бадахшандын борбору Файзабаддын кулашы менен талибдер “түндүк-чыгышты көзөмөлдөп калышты” деп кошумчалады ал. Бадахшан облусу Тажикстан, Пакистан жана Кытай менен чектешет.

Шаршемби күнү өкмөттүк армиянын генералы Вали Мухаммед Ахмадзайдын кызматтан алынган. Ал аталган кызматка июнь айында эле келген болчу.

Афганистандын каржы министри Халид Пайенд дагы шаршембиде кызматтан кеткен. Блумберг агенттигинин маалыматына ылайык, ал өлкөдөн чыгып кеткен. Анын отставкасынын себебин чек арадагы маанилүү бажы бекеттеринин талибдерге өтүп кетиши жана бюджеттеги жоготуулар менен байланыштырылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости