www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов калаа бюджетин дагы 500 миллион сомго көбөйтүү тапшырмасын берди. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн мэриянын коллегиялык жыйыны болуп, Мамбетов жергиликтүү бюджетти көбөйтүү багытына катуу талаптарды койгон.
"Ош шаарынын бюджетин дагы 500 миллион сомго жогорулатууга толук мүмкүнчүлүк бар. Бул үчүн салык кызматы аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен биргеликте көмүскө экономиканы жоюу багытында катуу иш алып барышы зарыл. Ошондой эле бирдиктүү электрондук базаны иштеп чыгуу учурдун талабы. Жыл аягына чейин бул багыттагы иштерди бүтүрүүнү мэриянын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмүнө, салык кызматына тапшырам", — деди Мамбетов.
Мэрия билдиргендей, Ошто патенттин негизинде иштеген 7 440 ишкер бар. Жалпысынан 34 миң салык төлөөчү катталган, анын ичинен 13,5 миңи активдүү төлөп келет. Көмүскө экономика 23 пайызды түзүүдө.
Быйыл жарым жылдыкта жергиликтүү бюджетке 654,7 миллион сом киреше түшүп (трансфертерди жана атайын каражаттарды кошкондо) план 105,8 пайызга аткарылган.
Булак: NazarNews.kg