www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Негизи Бишкек мэри жумушун тарта албай жаткан. Мындай пикирди журналист Семетей Талас уулу билдирди.

“Негизи Бишкек мэри жумушун тарта албай жаткан. Анын үстүнө Бишкекте чогулган 60-70 миллиард сомдун 70-80%ы башка облустарды дотациялоого кетет. Мегаполис жеке инфрастуктурасына 250 миллион сом бөлүнөт. Бул албетте борбор шаарга жетпейт. Андыктан, Таалай Сарыбашевдин келгенин колдогон себебим, ал кишиде шаарды өнүктүрүү долбоорлору бар экен. Бизнесмендер менен иштеше билип, Ошто кээ бир объекттилерди мэрия менен кызматташуу алкагында бюджетке күч келтирбей салдырды.

Мындай тажрыйба мурда Нариман Түлеевдин учурунда Бишкекте болгон. Ошондуктан Таалайды колдогом, Бишкек сугат маселесинен көтөрүлүп, колхоздук иш кылуудан, мегаполистик долбоорлорго өтсө керек деген үмүт пайда болду эле. Эми буюрбаптыр. Менимче, Мелис Мырзакматов дагы бул кызматта мыкты иштеп бермек. Анын мэрлик учуру Ош шаары жана тургундары үчүн жемиштүү, экстраординардуу чечимдерге бай иштеген мезгил болгон”, - деп белгилеген Семетей Талас уулу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости