www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын кызматкерине 2 миллион 745 миң сом жана 2 миң доллар пара берип жаткан учурда А.М.А. жана анын бир тууганы А.Н.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, иши тергөөдө жүргөн жаран жана анын бир тууганы пара берип жатканда колго түшүрүлгөн, алар кылмыш ишин оң жагына чечип берүү үчүн УКМКнын кызматкерине 30 миң доллар каражат сунуштаган.

"Кыргыз мамлекеттик чек арасы аркылуу Казакстанга жалпы салмагы 11 килограмм 51 грамм баңгизат алып өтүүгө аракет кылып кармалган жаранга карата 282-берененин 2-бөлүмү (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон" - деп айтылат маалыматта.

Учурда козголгон кылмыш ишинин натыйжасында тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости