www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүндө коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан каза болгондордун саны 6 миллион 20 миң 582ге жетти. "Worldometers" веб-сайтындагы маалыматка караганда, эң көп өлүм 984 миң 20 адам менен АКШда катталган.

Андан кийин Бразилияда 652 миң 207, Индияда 515 миң 133, Орусияда 356 миң 281, Мексикада 319 миң 859, Перуда 211 миң 108, Англияда 162 миң 8, Италияда 155 миң 887, Индонезияда 150 миң 172, Францияда 139 миң 275, Колумбияда 139 миң 91 жана Иранда 137 миң 948 адам көз жумду.

Салыштыруу үчүн айтсак, Испаниядагы Барселона шаарынын калкы мындан аз.

Соңку төрт айда эле илдет миллион кишинин өмүрүн алды. Ушу тапта негизинен "омикрон" штаммы жайылып, 60 миллион 831 миң 275 бейтаптын дарылануусу уланууда.

Эске сала кетсек, аталган оору биринчи жолу Кытайда 2019-жылы декабрда пайда болуп, 200дөн ашуун өлкөгө жайылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости