www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адамбыз да, кимдир бирөөнүн сөзү, иши, аракети көңүлүңө ынап, ал адам кантип жүрөгүңдүн тереңинен орун алып калганын кээде сезбей каласың.
Балким ушул үчүн да пендедирбиз. Унутчаактыгыбыз, ишенчээктигибиз үчүн жашоо кызыктыр бир жагынан.
Анан негизи көп учурда унчукпай мыйыгымдан жылмайып басып кеткенди жактырам. Бирок кээде менин да бир «жинди» адатым кармап калат. Бүгүн да ошондой «шакыйым» кармап калды. Аны да Орозонун улуу күнү дагы бирөөнү акташ үчүн бирөөнү каралагандар карматты.
Анда эми такташалы! Ахматбек Келдибеков Аида Салянованы каматып койгон имиш. “Койсоңчу коен” дей турган адам жок! “Батукаев боюнча Салянова сүттөн ак” имиш. Шумдугуң кургур дей турган жан жок!
“Аял, эне, аны да караш керек”- деп жазып жатышат. Эмне Урмат Аманбаева аял эмес беле? Эмне Урмат Аманбаева эне эмес, куу баш беле? Кызын чыркыратып сот залынан алып кеткенде эмне үчүн ал адамга карата ушул сөздөр айтылган жок? Бүгүн Салянова чыркыратып өзү ак жеринен күйгөзгөн аялзатынын ошондогу абалын сезип жатса керек!
Кыргыз жигиттерин кескилеп ойногон канкор Батукаевге бир дарыгер справка бергени үчүн Аида Салянова баш болгон эргулдар эркиндикке чыгарып жиберишиптир. Анда эмне үчүн бир эмес, Башкы прокурор Аида Салянова өзү ишенбей дайындаган 14 дарыгердин медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканда да Ахматбек Келдибеков камакта отурду? А Батукаевге ушундай жыйынтык чыкканда 2 сааттын ичинде паспортун, самолетко билетин кошо даярдап, колуна карматып, кызыл дорожкадан узатып жиберишпеди беле? Келдибековду айыпташканда Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгү боюнча парламенттин атайын токтому чыккан. Жогорку Кеңештин токтому президенттин указы менен бирдей деңгээлдеги нормативдик документ болуп эсептелет. Бирок бул жагын Салянова карады беле? Соттун чечими жок туруп Жогорку Кеңештин жыйынында “ырдап” турбады беле?
Эми Мелис Мырзакматовго келели. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго Салянова баш прокурор болуп турганда кылмыш ишин козгогон (Бул тууралуу Аида Салянова 2015-жылы 11-февраль күнү саат 11:20да маалымат жыйынында өзү билдирген). Ушул кылмыш иши негиз болуп Борбордук шайлоо комиссиясы Мелисбек Мырзакматовду шайлоого катыштыруудан баш тарткан. Кыргыздын дагы бир чыгаан уулу күнөөсүз күнөөлүү, айыпсыз айыптуу болуп мекенинен тышта жүрөт. Бүгүн Салянова аппакай дегендер буга эмне дейсиңер?
Камчыбек Ташиевди “Ак үйдүн темир тосмосунан секирип кеткени үчүн камаган” деп сыймыктанып жатасыңар? Эмне Отунбаева, Атамбаев, Текебаев баштаган убактылуулар Ак үйдүн эшигин ачып киришти беле? Ташиевге келгенде кылмыш, а башкаларга келгенде бул революция болуп калабы?
Эми Садыр Жапаровго келели. Садыр Жапаровду эң алгач ким камаган? Ким жалган жалаа менен каралап чыккан эле? Садыр Жапаров өзү да: “Мамлекеттин башкы прокурору Аида Салянованын “Кумтөр” маселеси боюнча 100% күнөөсү бар деп так кесе айта алам. Мен эле эмес, Эсеп палатасы дагы бул боюнча текшерүү жүргүзүп, Аида Жеңишбековна “Кумтөр” компаниясын 1,5 млрд сом салыктан бошотуу тууралуу акт жазган. Ал жерде Салянованын аты-жөнү бадырайып жазылып, “күнөөсү бар” деп турат”,- деп канча жолу видео кайрылуу кылды? Бул үчүн ким жооп берет?
Салянова калыс экен, эмне үчүн Иса Өмүркулов сыяктууларга көз жумуп келген? Иса Өмүркуловдун баласы жана Ирина Карамушкина унаалары менен киши тебелеп, өлтүрүп кетсе дагы ооз ачты беле? Бир өңчөй Атамбаевди сындагандарды камап, Атамбаевдин режимин күчөтүп берген так ушул Аида Салянова эмес беле? Ал өтө коркунучтуу кылмышкер Азиз Батукаевди чыгарганга аралашкан.
Анан дагы мени “түтөтүп” ийген бир жагдай - Карганбек Самаков. Бул киши кайсы күнөөсү үчүн камалды эле? Ушул кишилер күйгөнчөлүк Салянова кыргызга күйдү беле? Ушул кишилер кылган иштин бир бүртүгүн Салянова жасады беле? Өткөндү да эстеп койгула. Табаа эмес тобоо! Бирок, сөздүн ток этерин айтканда Аида Салянова мыйзамдан тепсеп туруп Атамбаевдин буйругун кынтыксыз аткарган бир бечера!
Булак: “Facebook”, “Ата-Журтум Кыргызстан” баракчасы
Кымбат Абазбекова: Эгерде ар жагындагы солдаттар “резиновый пуля” менен элди ата башташпаса, Ташиев темир тордон секирмек эмес. Эл деп күйгөн Камчыбек: “эмне элди атып жатасыңар?”- деп секирген. Мындан саясат жасабай эле койгула. Жалал-Абаддагы 2010-жылкы окуяда миңдеген элдин астын тосуп, “мени өлтүргүлө” деп кырылышты токтоткон Камчыбекке эмнеге баатыр деген наам берген жокпуз? Ошто эл өрттөнүп жатканда Келдибеков звонок кылган Камчыга, “келбесең болбой калды, эл кырылып жатат”- деп. Ошондо, Ташиев менен Чуйдүн жигиттери, жолдон улам эл кошулуп жатып, барышып Ошту сактап калышкан.
Булак: “Майдан. kg” гезити