www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жети жылдан бери жашырылып келген нерселер эмне үчүн азыр ачыкка чыгып кетти?
Буйрутмаларды аткарууга адистешкен журналистикада эзелтен келаткан, трафаретке айланган ыкма бар. Ал советтик мезгилде да болгон, көз карандысыздыктан бери ал апогейине жетти. Эгерде автор бирөөнү жаман көрсөткүсү келсе, коомдо же конкреттүү чөйрөдө резонанстарды жараткыдай чоң кемчиликтерди санап, ага жаны күйгөндүгүн билгизе көбүртүп-жабыртып келет да, анан жаман көргөнүнүн атын атап, ага байланышкан бир-эки конкреттүү фактыны келтирип, анан адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жөнүндө патетикаларга түшүп кетет.
Ошондо жалпы фондо, өтө дыкат үңүлө карабаган адамда айтылган кемчиликтердин бардыгы конкреттүү фамилиясы келтирилген адамга тийиштүүдөй, баарын эле ошол жасап жаткандай болуп калат. Чындыгында эч кандай көрүүчү телеберүүнүн ар бир ньюансына, салыштыруулардын шайкештүүлүгүнө, аргументтердин ынанымдуулугуна үңүлө карабайт. Ал үчүн контентти бир нече жолу дыкат иликтөө, альтернативдүү пикирлерди угуу талап кылынат.
“Азаттыктын” 29-майдагы чыгарылышында алып баруучу Али Токтакунов Матраимовдордун миллиондору жөнүндө айтканда чын эле аларга элдин көбү ишенип калган. Биз деле ошондой ойлогонбуз, бирок 700 миллион, 250 миллион долларлардын аларга кандай тиешеси бар болду экен дегенге жооп ала албай күдүк калгандыгыбыз чын.
Ушул маселе боюнча 3-июнда “5-каналда” А.Токтакуновдун, И.Матраимовдун, А.Акматовдун, Э.Байсаловдун катышуусундагы бир сааттан ашык талкууну көргөндөн кийин “Азаттыктын” эр жигити көп жагынан аша чаап кетиптир деген ойдо калдык. А.Токтакунов адегенде эле: “эл арасында резонанс туудурган өзү айткан 700 миллион, 250 миллион долларлардын, экранда кайра-кайра көрсөтүлгөн алтын куюлмалардын, пакеттердеги долларлардын бизге кандай тиешеси бар?”- деген Искендер Матраимовдун суроосуна так жооп бере албады. Анда Матраимовдордун фондуна Түркиядан которулган 2,3 миллион доллары жөнүндө эле сөз кыла бербейби? Сырттан ошончо акча которулганы чын экен. Бирок, анда теле берүү өтө эле жупуну болуп калмак, Кыргызстандагы эң күчтүү кландардын бири жөнүндө сөз болуп жатканда 2, 3 миллион доллар менен кимди таң калтырасың?
Ал эми 700, 250 миллион долларларга келе турган болсок, алар 2011-2017-жылдардын аралыгында Кыргызстандан дүйнөнүн 13 өлкөсүнө которулган акчалар экен. Кыргызстанда бизнести, акча которууларды Нариман Түлеевден жакшы билген эч ким жок. Ал өз бизнесин челноктук соодадан баштап, Кыргызстандын масштабындагы долларлык миллионерлердин катарына чейин өсүп жетти. Анын айтымында, банктар аркылуу өткөн которууларды мыйзамсыз, ыплас деп айтканга болбойт. Биринчиден, 1 миллион сомдон ашык которуулардын бардыгын тийиштүү кызматтар текшерип турушат. Алардын кайдан чыккан, кандай максаттагы кандай акчалар экендигин алар заматта эле аныктап коюшат. Экинчиден, майда ишкерлердин өз ара чогулуп алып, акчаларын кошуп, ага адистешкен фирмалар аркылуу котортуп туруусу Кыргызстанда 2003-жылдан бери келаткан практика экен. Мурда чабармандар аркылуу Кытайга, башка жактарга нак акчаларын жөнөтүп турушса, карактоолор, талоондор көбөйгөндөн кийин (Ошто эки-үч чоң каракчылык болгон) товар жөнөтүүчүлөргө банктар, ага адистешкен жекече адамдар аркылуу которгонго өтүшүптүр. 2018-жылы эле өлкөдөгү импорттук-экспорттук операциялардын көлөмү 7 миллиард долларды чамалагандыгын эске алганда, жети жылдын ичиндеги 700 миллион доллар жупуну эле сумма.
Дүйнө жүзүндө акча которуулар алуучу менен жөнөтүүчү гана билген банктык жашыруун сыр катарында эсептелет. Бир да банк соттун чечими болмоюнча аны ачыкка чыгарбайт. Операциялардын артында ким турганын таптакыр билүүгө мүмкүн болбой турган банктар да бар. Алар фамилиялар, аты-жөндөр, даректер менен эмес, коддор, сандар менен гана иштешет. Кыргызстанга анда-санда эмгектик өргүүгө эле келбесе, үч жылдан бери Прагада жүргөн А.Токтакунов Кыргызстандагы жети жылдык банктык “шектүү” которуулардын көчүрмөлөрүн кантип жыйнай койду болду экен? Жети жылдан бери жашырылып келген нерселер эмне үчүн азыр ачыкка чыгып кетти?
Сырдын баары ушерде турат. Жогорудагы эки суроого жооп алуу үчүн: “ашкерелөөлөрдүн” артында ким турат?”- деген дагы бир суроону беришибиз керек. Банктардан которуулардын көчүрмөлөрүн каржылык мекемелерге, атайын кызматтарга түздөн түз буйрук бере ала турган бийлиги бар адам гана ала алмак. Андай адам аталган убактарда ким болгондугун да жакшы билесиздер. Биздин оюбузча, ал таасири бар учурунда Матраимовдорго каршы компроматтарды жыйноого аябай аракеттенген. Бирок жыйнагандарын сыдыргысынан өткөрүп көрүп, аны менен “чоң казатты” баштаганга мүмкүн эместигине көзү жеткенден кийин, “ушулар ызылдата беришсин, жыйынтыгы болбосо да чуусу болот, ал деле жаман эмес”- деп өздөрүн эркин деп эсептеген эр көкүрөктөргө акырын “сливать” этип жиберген. Бул биринчи вариант. Экинчи вариантты, 5-каналдагы талкууда мурдагы журналист, азыркы саясат таануучу Айданбек Акматов айтты. Анын ою боюнча, бул иштер “Душка” жана “Челюсть” уюштурган эле нерселер экен. Парламенттик шайлоо жакын калгандыктан, алар Матраимовдорду оюндан сүрүп чыгарып, алардын Кара-Суу, Оштогу ордуларын, таасирлерин өздөрүнө алууну көздөп жатышыптыр. Алар да аталган аймактарда аябагандай таасирдүү адамдар, демек алардын жергиликтүү банктарда компроматтарды жыйноочу өз адамдары болуусу толук мүмкүн.
Биздин оюбузча, реалдуу чындыкка, биринчи вариант, Н.Түлеевдин болжолу жакын. Айрымдар Батукаевдин жаңжалынан жандары чыкканча коркуп, кандай жол менен болбосун коомчулуктун көңүлүн андан буруп кетүүгө аракеттенип жатышат. Алар бир ок менен эки коён атуу үчүн өздөрүнүн көп жылдардан бери жыйнап келаткан компроматтарын азыр чыгара койгонго аргасыз болуусу да ыктымал. Бирок кайсыл вариант чын болсо деле “Азаттыктын” журналисти эр көкүрөк шер эмей эле бирөөлөрдүн түз же кыйыр буйрутмаларын энөө аткарган маңыроодой көрүнүп калып жатпайбы. Андай болбосу үчүн өзү жараналаган версиялардын бардыгын укуктук жактан далилдеп берүүсү зарыл.
Кыргызчылыктын “Азаттыгы” болбошу керек
Матраимовдордун бай экендиктери, айрымдары жөнүндө ар кандай сөздөр айтылып жүргөндүгү эч кимге жашыруун эмес. “Райым миллион” деген кличка да жөн жерден чыкпаса керек. Бирок биз ар кимдерден уккандарга негизделген эмоциялар, жекече антипатия, симпатиялар менен эмес, фактылар менен гана сүйлөгөндү үйрөнүшүбүз керек. Батыштын укуктук негизги принциптери: “кармалбаган ууру эмес, жазыксыз бир адам айыпталгыча, күнөөлүү он адам эркиндикте жүрсүн” дегендер экендигин Батыш тарапка барып келип жүргөндөр да жакшы билишет. Башкалардан калыстыкты, обьективдүүлүктү, пикирлердин, көз караштардын альтернативдүүлүктөрүн талап кылгандар - өздөрү да ал принциптерди кармануулары зарыл. “Атың чыкпаса, жер өрттө” дегендей, айрым журналисттер утурумдук да болсо, атакка ээ болуу үчүн эл аралык журналистиканын эрежелерин карманбаган демагогдорго айланып кетпөөлөрү керек. Тилекке каршы, Али Токтакуновдун контенти категориялуу мүнөздөгү бир жактуу демагогия экендигин, анын атасындай адамга “мен сиздин кеңешиңизге муктаж эмесмин” деп чокчоңдогону журналист түгүл, кичинекей күркөдө отурган алып сатардын этикасына да сыйбай тургандыгын, ага салыштырганда Искендер Матраимов өзүн алда канча маданияттуу, фактылар менен гана сүйлөгөндү билген, ийкемдүү адам катарында көрсөтө алгандыгын, ал эми талкууда Э.Байсалов абстракттуу нерселерге эле басым жасаса, А.Акматов кличкалар менен сүйлөп, “Душка” жана “Челюсттан” башка жарытылуу эч нерсе айтпагандыгын, эмнегедир талкууда шектүү уйгурлар эле кайталана бергендигин кошумчалай кетели.
Булак: “Майдан.kg” гезити