www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Аида Жеңишбековна, сизди  Башкы Прокурор менен  УКМКнын Төрагасынын  парламентке келип  берген түшүндүрмөсү канаатандырдыбы?

-Жалпы негизи  бүгүнкү  акыркы болгон окуяга баа бергендей каралыш керек болчу.  Тилекке каршы биз өзүбүздүн берген суроолордун  көпчүлүгүнө жооп ала алган жокпуз.  Мен ойлойм аларда жооп жок. Карап атабыз, карайбыз эле деп жатышат. Кээ бир өтө маанилүү маселелерде  Россиядан  акчаны чын эле алган болсо сөзсүз түрдө  бажы тармагынан декларация толтурулушу керек. Эгер кимдир бирөө ошондой көрсөтмө берип жаткан болсо  акча эле өткөнбү же өткөн жокпу деп  сураш керек эле. Алар болсо эми карайбыз дейт. Эми каралып жатат, иштин үстүндө карап жатабыз дейт. Иш козгоордон мурун тастыктап алып  анан  жарыялап анан иш козгош керек болчу. Кээ бир маселени карап атабыз десе кээ бир маселени тергөөнүн купуясы  деп койду көп суроолорубузга канаатандыраарлык жооп ала алган жокпуз десем туура болот.

-Бүгүнкү  чыгып жаткан документ боюнча эмнени айта аласыз?

-Азыр эч нерсе деп айта албайм. Ошондой маалымат чыкты. Бүгүн жактоочулар маалымат жыйын бериптир. Биз Жогорку Кеңеште жыйында элек.  Азыр алар  менен деле сүйлөшкөндөй боло элекпиз. Бирок биз фракциянын  жыйынын чогулталы деп чечтик. Андан тышкары дагы социалдык көп маселелер болуп жатат. Бүгүн коллегалар менен талкуу кылсак бүгүн келген маалыматка тийешелүү Дача-Суу маселеси боюнча дагы  көп маселелер бар экен.

-Белизгейт боюнча дагы кылмыш ишин козгободу беле? Азыркы  документ менен кылмыш ишин козгосо болобу?

-Эч болбойт эле, козгогон күндө дагы такыр  бир күтүүсүз Маевский дегенди камакка алыш керек болчу.  Бирок биздикилер аны камакка алган жок. Бул өзү  ошол УКМКга кирип, өзүн жайбаракат сезип, телефон менен сүйлөшүп, ал жактан чыгып аба майданга  барганы чоң суроолорду жаратат. Эмне үчүн башка мамлекеттин жаранына  ошондой мамиле болду.  Анын үстүнө Өмүрбек Чиркешовичти камакка алып жаткандагы соттун чечимин окусак “Башка күбөлөргө кысым көрсөтөт”-деп жазыптыр. Бүгүн бизге белгилүү болгон жарандар башка өлкөдө жашап Кыргызстанда жашабаса кантип кысым көрсөтөт эле. Ошондуктан камаганга дагы эч кандай негиз жок болчу.

-Түркиядан келген документтер кылмыш ишин козгогонго негиз болуп бере алабы?

-Биз баарын дыкат карайлы деп  айттым.  Биз ал документтерди көргөн жокпуз. Алардын баарын карап чыгып анан пикирлерди айтабыз.

- 48 сааттан кийин чыгат деген үмүт бар эле, соттун  чечими чыгып калды. Мындан кийин митингдер токтойбу?

-Жок, токтобойт. Биз мөөнөтсүз митинг дегенбиз. Улам нааразычылыктарды Өмүрбек Чиркешович бошогонго чейин  ушинтип чогулуп өзүбүздүн нааразчылыгыбызды билдирип турабыз.

- Өмүрбек Текебаевдин ак экенине ишенесизби?

-100% ишенем.

Булак: "Жаңы ОРДО"

 

 

Последние новости