www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын ракеталык сыноолоруна Сеул тынчсыздануу менен мамиле кылат.

Түндүк Корея бир эле учурда баллистикалык төрт ракетасын Япон деңизин көздөй коео берди деп билдирди Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ.

Анын айтымында, Япон экономикалык аймагындагы деңизге түшкөнгө чейин, коео берилген ракеталардын үчөөсү болжолу миң чакырымдай аралыктан учуп келген.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги ракеталардын баары Кытай менен чек арага жакын Тончхан провинциясындагы полигондон коео берилип, деңизге түштү деп ырастайт.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү жергиликтүү телеканалга берген интервьюсунда, бул континент аралык баллистикалык ракета болушу толук мүмкүн деп айтты.

КЭДР соңку жолу 12-февралда ракеталарын сыноодон өткөргөн.

КЭДР соңку жолу 12-февралда ракеталарын сыноодон өткөргөн.

КЭДР соңку жолу 12-февралда ракеталарын сыноодон өткөргөн. Ага өлкө лидери Ким Чен Ын өзү байкоо салып олтурганы кабарланган эле. Сыноо ийгиликтүү болду деген Түндүк Корея.

Ким Чен Ын 1-январдагы теле кайрылуусунда, Пхеньян континент аралык баллистикалык ракета жасоонун соңку баскычына келип калды деп айткан. Өз сөзүндө өлкө лидери, "КЭДРди Чыгыштагы аскердик өлкө" деп атап, аны жеңүүгө эң күчтүү душмандын да кудурети жетпейт деген.

"Родон" баллистикалык ракетасы Пхеньяндагы парад учурунда.

Бириккен улуттар уюму Пхеньянды өзөктүк жана ракеталык куралдарды сыноого тыюу салган. 3-февралда Пентагон жетекчиси Жеймс Мэттис Түштүк Кореядагы иш сапары учурунда, КЭДР тарабынан АКШнын союздаштарына өзөктүк кол салуу жасалса, анда анын жообу кыйраткыч мүнөздө болот деп билдирген эле.

АКШ Президенти Дональд Трамп инаугурациясынын алдында, Түндүк Кореяга Америка аймагына чейин жете турган өзөктүк ракета өндүрүүгө мүмкүндүк бербей турганын айтты. Ошондой эле Трамп, Кытайды Түндүк Корея боюнча маселелерди жайгарууда Вашингтонго жардам бербей жатат деп сынга алганы бар.

Деген менен Түндүк Кореянын ракеталык программасы өтө жашыруун иштейт.

Булак: "bbc.com"

Последние новости