www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу достор! УКМК бийликке жакын ЖМК лар аркылуу өзүнө ынгайлуу маалыматты таркатып жаткан учурда бул маалымат ошого жооп. 1. А. Елисеев лицензиянын негизинде Латвияда жашаганга жана иштегенге мүмкүнчүлүк алган деген И. Джолдубаеванын сөзү калп болуп чыкты; 2. Лицензия жандандырылып жаткан учурда соттолгону жөнүндө справка суратылабы же жокбу деген суроого эки айдан бери Юстиция министрлигинен жооп жок. Мыйзам боюнча 2 жумада жооп бериш керек эле. Бул дагы бир тергөөнүн карманган жүйөөсүн жокко чыгарат. 3. Адвокаттын ЦАРИИ де иштеген адамдардын тизмесин иштин материалдарына тиркеп коюу өтүнүчүн тергөөчү четке какты (Сапар Исаков, Толкунбек Абдыгулов, Айбек Калиев ж.б).

Министрдин орун басары Ж. Мамбеталиеванын даярдап келген материалдары мыйзамдуу деп ынангандан кийин кол койгонумду ал деле тастыктап жатат. Бүгүн аны коркутуу жолу менен мага каршы көрсөтмө бердирип, аны менен соодалашып, башка иштери боюнча кылтакка илип алганынарды көпкө жашыра албайсыңар! Тергөөнүн купуясына байланыштуу тергөө аяктагандан кийин дагы көптөгөн башка мыйзам бузуу фактылары жарыяланат. Ал сөзсүз түрдө кийин көп кызмат адамдарынын жоопко тартылышына негиз болот! - бул тууралуу пикирин Аида Салянова Фейсбук баракчасынан жазып калтырды. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости