www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Кеңеши Украинанын аймактык бүтүндүгүнө зыян келтирүүгө себепкер болгон жеке жана юридикалык жактарга карата 2014-жылы киргизилген санкцияларды дагы жарым жылга узартты.

Санкция жарыялангандар тизмесинде Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозин, президенттин кеңешчиси Сергей Глазьев, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов жана алып баруучу Дмитрий Киселев бар.

Биримдиктин санкциясы 157 жеке жакка, 37 уюм жана мекемеге тиешелүү. Алардын арасында Крымда иш жүргүзгөн компаниялар, аскерий бөлүктөр бар.

Европа Биримдиги 2014-жылы Крым аннексияланып, Донбасста уруш башталгандан кийин Орусияга каршы жеке жана экономикалык санкцияларды киргизген. "Кара тизмеге" илингендер Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө кире алышпайт жана алардын европалык банктардагы активдери тоңдурулган.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости