www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мадумаров келсе, биринчи жардыгы Жогорку Кеңешке кайра шайлоону дайындоо болот. Мына ошону менен бийлик легитимдешүү жолуна түшөт. “Чимкириктердин” күнү бүтөт. Таза шайлоо өтөт. 5-6-октябрдагы окуяларга чыныгы баа берилет. Мыйзамсыз чечимдердин баары жокко чыгарылат. Мамлекеттик кызматтарды соодалоо, өкүл балдарга тартуулоо тык токтойт. Мыйзамдуу жолго түшкөн өлкө өнүгүү жолуна түшөт. Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу кошуна мамлекеттер менен мамиле калыбына келет. Мамлекет мамлекет! Мыйзам мыйзам боло баштайт.

Садыр Жапаров келсе азыркы вакханалия, мыйзамсыздык уланат. “Ханституцияны” кабыл алыш үчүн кайра-кайра референдумдар өткөрүлөт. “Чимкириктердин” күнү тууп, ашмалтайы уланат. Кумтөр биротоло түгөнүп, Жетим-Тоо кошо сатылат. Башка кендер четинен кете баштайт. Атагы дүйнө жаңыртып жаткан коррупционерлер биротоло “акталып” кутурат. Акылбек Жапаров сыяктуулар баарын чечет. Коомдо карама-каршылык күчөйт. Коррупция болуп көрбөгөндөй гүлдөйт. Анткени булардын мамлекеттик маанилүү кызмат орундарга куда-сөөк, өкүл бала, тууган-урукту дайындоосу мурда болуп көрбөгөндөй жүрүп жатат. Дагы күчөйт.

Айданбек Акматов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости