www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент коргойт, суракка чакыра албайт. «Раимбек Матраимов качып кетти өлкөдөн чыгып кетти», деп жаттыңар эле. Раим Матраимовдун күбө катары “Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновдун бир жактуу иликтөөсү боюнча чакырылганы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ар кандай адамды аты аталып калса күбө катары тергөөчү чакырып сурайт. Анан “бөйрөктөн шыйрак чыгарып”, көрө албай, ичи туз куйгандай ачышып, тынч жата албай жаткандар сүйүнбөй эле койгула! Абдан муздак суудан көп, көп ичип, ичиңерди муздатып, өпкөңөрдү басып тургула! Бул көрүнүш адаттагыдай мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жакшы болуптур бир жагынан.
“Азаттыктын” же Али Токтакуновдун бир жактуу изилдөөсүнүн бети ачылат. Чыркыраган чындык ачыкка чыгат. Өз оозу менен далилдеп, өзүнүн актыгын, тактыгын, күнөөсү бар, жогун, мыйзам ченемдүү далилдеп, эл алдында өз жүзүн актап алат деген үмүт бар. Анткени Раимбек Матраимов күнөөлүү болсо, кеткен жагынан кайтып, чакырган жерге барып жооп беремин. Өзүмдүн актыгымды далилдеп беремин деп айтмак эмес. “Мыйзамдын негизинде берилген суроолорго жооп берем” деп, кайтып келмек эмес. Күнөөсү болсо, илешкен жери болсо башкаларчылап келбей, качып кетмек. Жакшы, түз, күчтүү адамдын артынан сөз ээрчийт. Ак ийилет, сынбайт. Ошондуктан, анча-мынчалар кадырыңар жан болсун. Көп сүйүнбөгүлө.
Кудай деген киши Раим Матраимов. Кудайдын жолунда соопчулук иштер менен шугулданып жүргөн адам. Кылган соопчулук иштеринин сообу тийип, Кудай колдойт буюрса.
Сабыр, сабыр, сабыр кылгыла колтугунда котур ташы барлар. Элге жаккан, элге кызмат кылган, карапайым адамдардын жүрөгүнөн орун тапкан адамды, Кудай иштерин оңунан салат деп тилек кылалы, Раим Матраимовдун адамдык сапатын бийик көргөн жакшылар.
Айкөкүл Асылбекова, активист