www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Антибиотик: Абайлап колдон!

Ар жылдын ноябрь айында “Антибиотик: абайлап колдон!” аттуу бүткүл дүйнөлүк антибиотиктерге туруктуулук үчүн жума өткөрүлөт. Бул көйгөй жаш курагына, жашаган өлкөсүнө карабай ар бир инсанга тиешелүү. Бүгүнкү күндө антибиотике болгон туруктуулуктан жылына 700 000 адам каза болсо, 30 жылдан кийин бул сандар 10миллионго жетет.

Каршылык көрсөтүү табигый көрүнүш, бирок антибиотиктерди туура эмес колдонуу кайра  ондогон эсе өлчөмдөгү бактериялардын көбөйүшүнө себеп болот.

Антибиотиктерге болгон туруктуулук адамда эмес, бактерияларда өсөт. Муну түшүнүү абдан зарыл. Мындай туруктуулуктагы “супер бактериялар” жөнөкөй бактерияларга караганда дарыланышы өтө кыйын.
Дарыгердин рецептисиз алынган антибиотиктер, ошончолук туруктуулуктун өнүгүшүнө өбөлгө түзүлөт.

Антибиотиктерди колдонуу эрежелери:

1.    Антибиотиктерди дарыгерлердин көрсөтмөсү менен гана кабыл алуу.
2.    Дарыгер антибиотиктерди колдонуу зарылдыгын айтпаса, анда өз алдынча кабыл албоо зарыл.
3.     Эгерде дарыгердин көрсөтмө берген болсо көрсөтүлгөн өлчөмдө гана ичүү зарыл

“Супер инфекциядан” кантип сактанууга болот?

•    Колу-узду бир күндө бир нече жолу самындап жууңуз. 
•    Тамак жасап жатканда гигиенаны сактаңыз.
•    Сууну ишенимдүү, таза жерлерден гана ичиңиз.
•    Ооруган адамдар менен байланышуудан качыңыз.
•    Эмдеткилерди алыңыз.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости