www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди:

- Быйылкы жылы "Таза суу" программасына бюджеттен бөлүнгөн 250 миллион сомго 24 айылга таза суу киргизилди. Донорлордун каражатын тартуу иши да колго алынууда.

Өкмөттүн өкүлү кошумчалагандай, быйылкы жылы Дүйнөлүк банктан жана Ислам өнүктүрүү банкынан кошумча 94 миллион доллар каражат тартылып, анын эсебинен 17 айылга таза суу берилди.

Таза суу маселеси - Кыргызстандын социалдык жашоосундагы негизги көйгөйлөрдүн бири. Азия өнүктүрүү банкы бул максатта ири насыя бөлгөн, бирок кийин ал каражат максатсыз пайдаланылганы тууралуу маалымат чыккан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости