www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Адам баласынын басып өткөн жолундагы эң таттуу эсте кала турган учуру болуп балалык кез эсептелет. Адам баласынын балалык кези менен кийинки жашоо турмушу тыкыс байланышта болот. Бала кезде урушуп талашуунун курчоосунда өткөн бала өксүк болуу коркунучу болот. Кудайга шүгүр деп айтат элем менин балалык кезим ойдогудай өттү, - дейт ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаева "Факты.kg" гезитине берген маегинде.

Үйдүн кенжеси болгоңдуктан, ата-энеме, бир туугандарыма эркелеп чоңойдум. мугалимдердин үй-бүлөсүндө чоңойдум. Раматылык ата-энем тартипти биринчи орунга коюп, ар бирибиздин баскан турганыбызга көз салып турушаар эле. Ош шаарында төрөлүп, өскөм. Ош шаарындагы бирден бир мыкты делген мектепте билим алдым.

Балалык кез адам болуп калыптануудагы маанилүү учур десем жаңылышпайм. Алгачкы билимди да мына ушул учурда ала баштайсың. Фундамент канчалык бекем куюлса, салган тамың бекем болот. Анын сыңарындай бала кезден баштап билимди мыкты алсаң кийинки жашооңо пайдасы гана тиет.

Мен мактангандай болбоюн бирок эң жакшы деген баа менен мектепти дагы жогорку окуу жайын дагы аяктадым. Бул алган билимим кайсы тармакта иштебейин жардамын берип келе жатат. Азыр балдарымдын мээримдүү энесимин жана алар сыймыкганган эне болгонго болгон күчүмдү жумшап келе жатам.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости