www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас районунун соту 25 жаштагы К.у.Н. карата кылмыш ишин карап чыгып, ага карата өкүм чыгарды.  Маалыматка караганда, 25 жаштагы айыпталуучу 2019-жылдын 6-августунда 2002-жылы туулган жашы жете элек Н.к.Нге үйлөнгөн. 

Сот отурумунда айыпталуучу өзүнүн күнөөсүн толук мойнуна алып, кыз менен 2017-жылдан бери сүйлөшүп жүрөөрүн жана алар 2019-жылдын башынан баштап бирге болушканын түшүндүргөн. Айтымында, андан бир аз убакыт өткөндөн кийин кыз кош бойлуу экенин билип, аны жигитине кабарлайт. Жигити ошол замат үйлөнүүнү сунуштап, ата-энесине айтпай үйүнө алып келет. Нике кыюуга жергиликтүү молдону чакырышат, бирок молдо кыз 16 жашта экенин билгенде нике кыюудан баш тартып, жаштар никесиз эле бирге жашап калышат. 

Талас райондук соту К.у.Н. күнөөлүү деп таап, Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси боюнча 3 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарат. Бирок, сот ал чечимди кайра 1 жыл сыноо мөөнөтүнө которгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости