www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

АКШнын Айова штатында демократтардын баштапкы добуш берүүсү же кокустардын жыйынтыктарын жарыялоо техникалык себептерден улам кечеңдеп жатат. Шайлоодо демократтардын тарапташтары партиянын атынан президенттик жарышка катышчу талапкерин аныкташат.

Расмий жыйынтык добуш берүүдөн кийин үч сааттын ичинде белгилүү болмок, бирок партия жетекчилиги добуштар шейшембиде колго саналып чыгарын билдирди. Ошол эле учурда техникалык мүчүлүштүк хакерлер же башка бир кийлигишүүгө байланыштуу эмес экени белгиленди.

Демпартиянын ичиндеги жарыштын кээ бир уюштуруучулары добуш санаган жаңы технологияларда, чөнтөк телефондогу тиркемелерде мандем бар деп эсептешет.

Демократтардын атынан президенттик шайлоого катышууну 11 талапкер көздөп турат. Айрым үмүткерлер түшүндүрүүнү талап кылышса, башкалары жыйынтыкты күтпөстөн Айовада жеңгенин жарыялап жиберишти.

АКШда президенттик шайлоо быйыл ноябрь айында өтөт. Республикачылардын арасынан президент Трампка атаандаш чыкпай тургандыгы айтылган.

Последние новости